www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК: Латвиянын укук коргоо органдары тарабынан Д.Зилалиевдин жубайына жана балдарына карата акчанын изин жашыруу фактысы боюнча кылмыш-иши козголду

Кызгалдак Жакыпова 07-август 2019, 11:07

Саясат


УКМК: Латвиянын укук коргоо органдары тарабынан Д.Зилалиевдин жубайына жана балдарына карата акчанын изин жашыруу фактысы боюнча кылмыш-иши козголду

Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Д.Зилалиевге карата козголгон кылмыш-иштин алкагында Латвия укук коргоо органдары тарабынан Д.Зилалиевдин жубайына жана балдарына карата Латвия Кылмыш-жаза кодексинин 195-беренеси, акчанын изин жашыруу боюнча кылмыш-иши козголгондугу тууралуу маалым болду. Бул тууралуу  маалыматты УКМКнын басма-сөз кызматы билдирди. 

Бул кылмыш-иши Латвия Каржылык чалгандоо кызматынан алынган маалыматтардын негизинде козголгон.

Рига шаарынын Интерпол Улуттук борбордук бюросунун маалыматына ылайык, Д.Зилалиевдин жубайы Латвиянын ири банктарынын биринде өзүнүн балдары үчүн банктык эсеп ачкан. Бул депозиттик эсептер Джамиля, Бектур жана Алима Зилалиевдердин наамына катталган.

Кийин, аталган банк эсептери аркылуу бир нече жолу ири өлчөмдөгү акча которуулар болгон.

Буга байланыштуу, Рига шаарынын Интерпол Улуттук борбордук бюросу Д.Зилалиев жанан анын жубайы тууралуу маалымат алуу үчүн кайрылган.

Белгилей кетсек, КР Башкы прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 308-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-п. (жооптуу абалды ээлеген кызмат адамынын мыйзамсыз баюусу) боюнча кылмыш-иши козголуп, тергөө иштери УКМК Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Азыркы убакта аталган кылмыш-ишти тергөө иштери аяктап, сотко жиберилген.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83