www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ким кимди саткан, же Атамбаевдин сан жеткис саткынчылыгы...Атамбаевдин "ыйлаак" элитасы

Кызгалдак Жакыпова 07-август 2019, 11:17

Саясат


Ким кимди саткан, же Атамбаевдин сан жеткис саткынчылыгы...Атамбаевдин "ыйлаак" элитасы

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине «Мени сатып кетти» деп айтып келет. Анын маалыматчылары да «С. Жээнбеков досу А. Атамбаевди сатып кетти, досун саткан адамдан эмнени күтсө болот?» деген маанайдагы маалыматтык чабуул жасап келе жатышканы белгилүү. 

Мына ушундан улам чындыгында ким кимди сатып кеткенин анализдеп көргөнүбүз туура болот.

Буга чейин АША өткөргөн митингдердин биринде «Манасты кыргыздар өлтүргөн» деген дөөдүрөгү менен эсте калган Темирлан Султанбеков аттуу  «ыйлаак жаңы элитасы» «Атамбаев өзүнүн мөөнөтүнөн кийин С. Жээнбековго эмес, Ө. Бабановго президенттик кызматты өткөрүп берүүнү көздөгөн» деген сыяктуу сөздү айткан эле.

Демек, Атамбаевдин планында С. Жээнбековдун талапкер катары алып чыгуу жок болгон. Болгону ал Ө. Бабановго акыркы убактарда анча ишене албай калгандан улам эле КСДП партиясынан бирдиктүү талапкер катары С.Жээнбековду алып чыгууну туура көрсө керек. Ошондо дагы ал баары бир Бабановдун жеңишин күткөн деген да пикирлер бар.

Мындай планды саткынчылык деп айта албайбызбы?

Экинчиден, А. Атамбаев бийликтен кетеринде өзүнөн кийинки келе турган президентке оор болуш үчүн атайылап көптөгөн боткону чалып кеткен экен. Мисалы, Казакстан менен мамиилени бузуп, чек аралардын жабылышын камсыздап кеткен. Муну С.Жээнбеков жөнгө салды. Анан дагы 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире турган мыйзам, кодекстерге кол коюп, анын ичине «миналарды» катып кетиптир. Тактап айтсак, түкүрүк үчүн 5000 сом айып пул деген сыяктуу. Муну да учурдагы бийлик жөнгө салды. Бул саткынчылык эмеспи?

Эгерде ал өзүнөн кийинки бийликтин да жемиштүү иштөөсүн кааласа, анда неге мындай чала бышкан мыйзам, кодекстерге кол коюп кетет? Эгер ал мыйзам, кодекстерди чала бышкан деп эсептебесе, анда неге өзү бийликте турганда эле күчүнө киришин камсыз кылбаган?

Ал эми Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу, Тарых музейин реконструкциялоодогу ири коррупцияларды президент С.Жээнбеков чукуп чыккан жок. Ал коррупциялык иштер өзүнөн өзү чыгып калды. Эгерде аны жаап-жашырып кое турган болсо, анда эл «досун калкалап, элдин кызыкчылыгын экинчи орунга коюп жатат» деп азыркы мамлекет башчысына нааразы болмок. Президент жеке мамиледеги досунун кызыкчылыгын эмес, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюп, бул коррупциялык иштерди жаап салгыла деген буйрук берген жок. Деги эле ал соттордун, укук коргоо органдарынын иштерине кийлигишүүдөн алыс болууда. Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо эч качан саткынчылык болуп саналбайт. 

Атамбаев дайыма эле «менин убагымда экономикалык өсүш болгон, көптөгөн долбоорлор ишке ашкан» деп мактанып келет. Карызды ченебей алып, анан анын жарымын өз чөнтөгүнө уруп, калганы менен эптеп чампалап долбоорлорду ишке ашыра берүү ар кимдин колунан келет. Бир кычкачты 640 доллар, бир жыгач атты 14000 еврого баалаган долбоорлор менен кантип мактанууга болот? Эмне бул жерде коррупция жок деп айткысы келип жатабы? Ага ким ишенет? Же кычкачтын баасы ошончо беле? Ошол тарых музейине сатылып алынган 14000 евролук эки жыгач атты биздин жыгач усталар ашып кетсе 2000 еврого (экөөнү) жасап бермек. Ошондо 26 миң евро үнөмдөлмөк. Андан башка баалары 2-3 эсе көбөйтүлүп көрсөтүлгөн жабдуулар, кызмат көрсөтүүлөрдү кайда катабыз? Ошонун баары ачык көрүнүп турса да президент «Кой, Атамбаев менин досум эле» деп ишти жаптырып коюушу керек беле? Эгер мындай ачык коррупциясы көрүнүп турган ишти жаптырып койсо, ошондо ал саткынчылык болуп калмак.  Андыктан саткынчылык менен мамлекеттик кызыкчылыкты айырмалай билүү керек.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83