www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарындын губернатору Кайыпов кызматынан кетеби?

Кызгалдак Жакыпова 07-август 2019, 11:08

Саясат


Нарындын губернатору Кайыпов кызматынан кетеби?

Бул тууралуу айрым булактар өздөрүнүн ишенимдүү адамына таянып жазып чыгышты. Алардын айтымында, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун Солтон-Сарыдагы чырга байланыштуу кызматтан кетишин калк талап кыла баштаган. Анткени ал элдин таламын талашпай, Өкмөттү ыктап, калктын ден соолугунан да алтынды тандап жатканына калктын кыжыры келүүдө.

Аманбай Кайыпов 2013-жылы декабрь айында Нарынга өкүл болуп дайындалган.

Эскерте кетсек, 3-августта Солтон-Сарыда кен иштеткен компаниянын өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыккан. Чатактан Оттук айылынын эки тургуну жабыркап, Нарын облустук ооруканасында дарыланууда. 5-августта кен чыккан жерге 500дөй адам чогулуп, алтын кен чыккан жердеги кытай ишканасын ишти токтотуу талап кылышкан. Пикир келишпестиктен чыр чыгып, эки тарап тең бири-бирине таш ыргытышкан. Таштан жабыркагандар аймактык ооруканага жеткирилген. Ал жерге кечээ вице-премьерлер Боронов, Разаков, ИИМ министри Жунушалиев, губернатор Кайыпов барган. Алар элди тынчтандырганы менен алтын кенин токтотпой турганы айтылган. Ошондон улам, ал жердин тургундары Аманбай Кайыповдун кызматтан кетишин талап кылганы айтылат. Азыркы учурда милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Абал туруктуу.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83