www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Электр станцияларындагы" тууганчыл саясат

Кызгалдак Жакыпова 07-август 2019, 12:20

Саясат


"Электр станцияларындагы" тууганчыл саясат

"Электрдик станциялар" ААКсында башкы директордун милдетин убактылуу аткарып жаткан Аскаралы Кайбалиев кызматка 13 тууганын алганын, анын арасында жубайы жана уулу да бар экенин коомдук ишмер Расул Умбеталиев айтып чыкты.

Расул Умбеталиев президент Жээнбекова билдирүүлөрүндө үй - бүлөлү - кландык башкаруу менен күрөшө турганын бир нече жолу белгилегенин эске салып, Кыргызстандын энергетикалык тармагында "кылмыш - мафиялык - аймактык - үй - бүлөлүк клан" баш көтөрө баштаганын жарыялады.

Эске салсак, 2019-жылдын март айында аталган ААКнын мурдагы директору Аскар Эшимбеков каза тапкан. Мындан улам 12-апрелде башкы директордун милдетин убактылуу аткаруучу бшуп Аскаралы Кайбалиев дайындалган.

Ал эми "Электрдик станциялар" ААКнын басма сөз кызматы коомдук ишмердин маалыматын четке какты. Анда билдиришкендей, Кайбалиевдин жубайынын кесиби электрик жана бул жаатта ага турмушка чыга электе эле иштеп баштаган.

"13 тууганын ишке алганын кантип санап чыкты? Жумушка кабыл алууда туугандары ким экенин сурабайбыз. Эгер тереңдеп карай турган болсок, Кыргызстандын жарандары бири бирине кандайдыр бир туугандык байланышы бар болуп чыгышат. Биздин ишканада 4,5 миң адам иштейт, өлкөнүн жалпы энерготармагында 16 миң кызматкер бар", - дешти басма сөз кызматы, деп Майдан.kg гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83