www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Боронов өкмөттүн “өрт өчүргүчү” болду

Кызгалдак Жакыпова 07-август 2019, 14:37

Коом


Боронов өкмөттүн “өрт өчүргүчү” болду

Боронов кийлигишмейин өкмөт былжырап калчу болду. Уран боюнча иштерге да Боронов чекит койгон, Кумтөр боюнча да Бороновдун кийлигишүүсу менен жакшы келишимдер иштелип жатат. Солтон-Сары алтын кениндеги кытай-кыргыз «Zhong Ji Mining Company» тоо-кен компаниясынын иши токтотулду. Бул тууралуу вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго таянып өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Чечим Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын корутундусунун негизинде кабыл алынганы айтылды.

6-августта Боронов Нарын облусуна барып, чогулган эл менен жолугуп, чырлашкан эки тараптын жүйөлөрүн уккан. Элдин талабы мыйзам чегинде аткарыларын, мекеме аралык комиссия түзүлөрүн, жаңжал боюнча тыкыр териштирүү жүрүп, тиешелүү чечим кабыл алынарын билдирген.

«Zhong Ji Mining Company» Бишкектен 355 аралыкта, деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте жайгашкан Солтон-Сарыда 2009-жылдан тартып иштейт. Кен Бучук жана Алтын-Төр деген эки участоктон турат.

Бучук участогунан алтын казууга 20 жылга уруксат берген 3228 АЕ лицензиясы 2013-жылдын 4-февралында 2033-жылдын 4-февралына чейин берилген. Бул лицензияга Геология жана суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин ошол кездеги башчысы Ишимбай Чунуев кол койгон.

Кытайлык компанияга нааразы болгон 600-700гө чукул жергиликтүү адам ишти токтотууну талап кылып бешинде чыккан.Ошол күнкү чырдан кытайлык 20 кызматкер жабыркап, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына кайрылган.

 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83