www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
НОТА: Бакиевди куттуктаганы үчүн ТИМ Беларусь элчисин чакырып урушту?

Кызгалдак Жакыпова 07-август 2019, 16:40

Дүйнө жүзүндө Саясат


НОТА: Бакиевди куттуктаганы үчүн ТИМ Беларусь элчисин чакырып урушту?

КРдин Тышкы иштер министрлигине Беларусь Республикасынын Элчилигинин Ыйгарым укуктуу элчиси кызматын убактылуу аткарып жаткан С.Иванов чакыртылып, нота тапшырылды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ивановдун ТИМге чакыртылышына Беларусь президенти Лукашенко КРнын мурдагы президенти Курманбек Бакиевди 70 жашка чыгышы менен куттуктап, белек бергендиги себеп болгон.

Жолугушууда ТИМ тарабынан нота тапшырылып, КРде кылмыш иши козголгон Бакиевди Беларусь президентинин кабыл алуусуна болгон нааразычылыктар айтылган.

Кызыгы, Кыргызстанда канчалаган көйгөй турса, ТИМдин секиргени "биртике" туура эмес болуп калган жокпу? Анткени Бакиевдин өлкөдөн чыгып кеткенине 10 жылдан ашты. Андан көрө Солтон-Сарыдагы окуя боюнча Кытайдын билдирүүсүнө жооп берип койсо болмок...

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83