www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шаикова Шадиевдин жолун жолдодубу?

Кызгалдак Жакыпова 07-август 2019, 20:04

Саясат


Шаикова Шадиевдин жолун жолдодубу?

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку башчысы Алина Шаикованын ишинде мандем бар экендигин анын жүрүм - турумун жакшы билгендер бул кызматка дайындалганда эле эскертишкен болчу.

Анткени ал айым экс-президенттин амири менен аталган кызматты кыска аралыкта жетектеп, жомоктогудай байып кеткен.

Бирок коомчулукта ызы-чуу чыкканда ал хансарайларынын баардыгын ата-энеси, туугандарына тиешелүү деп документ тууралап, суудан кургак чыгып кутулган.

Анан жаңы бийлик деле Кыргызстанда кадр куруп калгансып, майлуу-сүттүү деп эсептелген Мамлекеттик каттоо кызматына Алина айымды жетекчи кылып дайындап жатпайбы.

Бирок “кыныккан адам тыныкпайт” демекчи, паспорт бланкасы жана башка документтерди даярдоодо коррупцияга жол бергендиги үчүн УКМКнын кылтагына илинип калган. Шектүү иши ашкереленген соң ошол замат камап салбай, УКМК деле камайлы деп барып, Алина айымды үйүнөн же башка жеринен таппай, жер сыйпалап отуруп калды. Ошондуктан ага карата издөө жарыяланды. Аталган комитет Мамлекеттик каттоо кызматы, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын, КР Каржы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкерлерине жана башка адамдарга карата жаңы үлгүдөгү паспортторду даярдоодо коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш-ишин тергөөдө.

Бул кылмыш иштин фигуранттарынын бири болгон МКК мурунку башчысы А.Шаикова суракка жана башка тергөө ишчараларын жүргүзүү үчүн жиберилген чакырууга келген эмес.

Жик-жини билинбей калгандыгына караганда, Алина айым айтылуу Шадиевдин жолун жолдоп, Лейлек аркылуу сууну кечип, океандын аркы жагына “сүзүп” өтүп кетсек керек деген гана ой жаралууда, деп “Майдан. kg” гезити өз пикирин жарыялады.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83