www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кой-Ташта Атамбаевдин үйүндө Мискенбаев жараланды

Кызгалдак Жакыпова 07-август 2019, 20:40

Саясат


Кой-Ташта Атамбаевдин үйүндө Мискенбаев жараланды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйү жайгашкан Чүйдөгү Кой-Таш айылында атайын бөлүктүн аскерлери киргенде бир канча адам жарадар болду. Мирбек Айтикеев «Фейсбукта» түз эфирде көрсөттүп жатат.

Партиянын юристи, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нурбек Касымбеков аскерлердин тепкисинде калганын айтты. Ал бети-башы шишиген абалда түз эфирде сүйлөдү. Экс-депутат Мээрбек Мискенбаев да жараат алды. Дагы бир адам колунан, бири бутунан жараат алган. Атамбаевдин тарапкерлери аларга ок тийгенин билдирип жатышат.

24.kg агенттиги кабарчысы да желим октон жараат алганын жазды.

Атайын күчтөр келгенин КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева 7-августта кечки саат сегизге жакын маалымдады.

Парламент депутаты, ошол жерде жүргөн Ирина Карамушкина муну бийлик уюштурганын айтты.

Аскерлердин аракетинин чоо-жайы так айтылган жок. Расмий органдардан маалымат алууга азырынча мүмкүн болбой жатат. Интернеттеги түз эфирлерде ок атуунун үнү угулууда.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Атамбаевди 8-июлдан бери үч жолу күбө катары суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тарткан.

Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу кылмыш ишин быйыл жыл башында кайра иликтей баштап, Атамбаевди күбө катары чакырган.

Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган. Аны утурлай башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте маалымат берип жатып мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2013-жылы Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотууга жеке өзү тапшырма бергенин айткан.

Атамбаевдин тарапкерлери парламенттин чечиминен соң аны колдоп Кой-Таштагы үйүнө штаб ачып, ошол жерде отурушат. Бул тууралу маалыматты Азаттык жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83