www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кой-Таштан Атамбаевди алып кетишти

Кызгалдак Жакыпова 07-август 2019, 21:07

Саясат


Кой-Таштан Атамбаевди алып кетишти

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйү жайгашкан Чүйдөгү Кой-Таш айылында атайын бөлүктүн аскерлери киргенде бир канча адам жарадар болду.  Дмитрий Ложниковдун айтымында “Атамбаевдин үйүндө турам. Элдер кыйкырып жатат. Короодо 400-500гө жакын киши бар. Элдердин колунда таштар бар. Атамбаевдин тарапташтарына желим ок атылып жатат. Азырынча канча киши жарадар белгисиз”, деди. Андан сырткары “Азаттыктын” журналисти бир нече адамдар жарадар болгонун кабарлады. Андан сырткары 24.kg маалымат агенттигин журналистине дагы ок тийген. Кырдаал курчууда. Элдер дарактарды жыгып, жолду тосту. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн белгисиз жака алып чыгып кетишти.

Эске сала кетсек, ИИМ Атамбаевди 8-июлдан бери Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу үч жолу күбө катары суракка чакырган. Атамбаев суракка баруудан баш тарткан.

Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83