www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кой-Ташта электр жарыгы өчүрүлдү

Кызгалдак Жакыпова 07-август 2019, 22:01

Саясат


 Кой-Ташта электр жарыгы өчүрүлдү

Саламаттык сактоо министрлигинен саат 21:20га алынган маалымат боюнча Чүй облустук ооруканасына Кой-Таш айылынан төшүнө желим ок тийген эки адам жаткырылды. Министрлик алардын абалын анча оор эмес деп баалады. Учурда аларга медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.

"Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, төрт "Тез жардам" кызматынын автоунаасы келип, бирок жолдон өтө албай турат. Бул тууралуу “Азаттык” жазып чыкты.

Ушул тапта эки тарап кагылышууда. Электр жарыктары жана интернет өчүрүлдү.  Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын топ боз үйгө кирип барды. Караңгыдан “элдерди атпагыла” деген үндөр угулуп жатат.

Ал эми,  УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастады.

УКМКнын атайын дайындалган күчтөрү тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатат. Операция маалында атайын багыттагы аскерлер тарабынан согуштук курал колдонулган жок. Жоокерлер желим октор менен гана жабдылган. Учурда операция уланып жатат”, - деди УКМК.

Атамбаевдин тарапташтары учурда Алмазбек Атамбаевдин короосуна кирүүгө аракет кылып, тарапташтары  журналисттерге тоскоолдук кылууда.

Эске сала кетсек, ИИМ Атамбаевди 8-июлдан бери Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу үч жолу күбө катары суракка чакырган. Атамбаев суракка баруудан баш тарткан.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83