www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүйдүн Кой-Ташында болгон окуя Чүй милициясынын башчысын комага түшүрдү

Кызгалдак Жакыпова 08-август 2019, 08:34

Коом


Чүйдүн Кой-Ташында болгон окуя Чүй милициясынын башчысын комага түшүрдү

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкулов комага түшүп, жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат. Буга чейин Самат Курманкулов башынан жаракат алып ооруканада операция жасалган. Курманкулов мээсинен оор жаракат алган. Ал Кой-Ташта милиция менен Атамбаевдин тарапташтары бири-бирин таш менен урганда башына таш тийип, жаракат алганы кабарланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова: “Операция жасалды. Операциядан кийинки абалын дарыгерлер өтө оор абалда деп баалап жатышат. Реанимацияда”, - деди.

7-августта Атамбаевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн атайын операцияда күч органдары менен мурдагы президенттин тарапкерлери кагылышты. Андан жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 45 кишиге жетти. Ошондой эле күч түзүмдөрүнүн бир өкүлү каза тапты.

Маалыматка ылайык, жаракат алгандардын 15и күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери. Ооруканага түшкөндөрдүн арасында ок атуудан улам жаракат алгандары жана мээси чайкалгандары бар. Жаракат алгандардын арасында Атамбаевдин тарапташтары, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Нурбек Касымбеков, Мээрбек Мискенбаев да бар экени кабарланды.

Чүйдүн Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция 7-августта кечке жуук башталган. Бирок Атамбаевдин тарапкерлери күч органдарына аны алып кетүүгө жол беришкен жок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83