www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Самат Курманкуловдун абалы оор боюнча

Кызгалдак Жакыпова 08-август 2019, 11:49

Саясат


Самат Курманкуловдун абалы оор боюнча

Чүй облустук ИИББдин жетекчиси Самат Курманкуловдун башына операция жасалып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган эле. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак учурда Самат Курманкуловдун абалы оор боюнча, өзүнө келе элек. 

Белгилей кетсек, Курманкуловдун мээси чайкалып, оор жаракат алган. Ага Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда баш сөөктү тешүү (трепанация) жолу менен операция жасалып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.  

Белгилей кетсек, 7-августта кечинде Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргөн. Анда жай тургундар менен атайын даярдыктагы жоокерлер жаракат алган. Спецназдын бир жоокери алган жаракатынан каза болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча ооруканада жаткандардын саны 44кө жетти.

Андан сырткары такталган маалыматтарга таянсак Кой-Таштагы катардагы жарандарда курал бар экени айтылууда. Бул маалыматты Кылычбек Султан "Апрель" телеканалына берген маегинде тастыктады. 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83