www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл аралык “ызы-чуу” чыгарып жаткан Абылгазиев элди алга жетелейби же арткабы?

Кызгалдак Жакыпова 08-август 2019, 12:20

Коом


Эл аралык “ызы-чуу” чыгарып жаткан Абылгазиев элди алга жетелейби же арткабы?

Абылгазиевдин дагы бир группалашы жана досунун иши ашкереленди. Айыл чарба институтутун, эркелетип “сельхозду” бүтүргөн Абылгазиев деген премьер бар. Бүгүн парламенттик мамлекетти титиретип өкмөт башында турат. Абылгазиев башкага тили өтпөсө да Айыл чарба министрлигине тили өтөөр. Анда эмесе жакында эле ушул министрликте болгон эл аралык эки чырды айта кетели:

  1. Евразиялык биримдикке кирген мамлекеттер Орусия,Беларус,Казакстан,Армения жана Кыргызстан бир топ салыктардан жеңилдиктер каралып, келишимдер түзүлгөн. Ошол эле кезде бул уюмга кирбеген Өзбекстан,Тажикстан бул жакка айыл чарба продуктыларын кийирсе салыктын көп түрлөрүн төлөшөт. Биздин айыл чарба министрлигинин “коррупционерлер” шайкасы Өзбекстан,Тажикстандан товарларды алып ортодо салык төлөбөй евразиялык биримдиктеги мамлекеттерге сатып ортодо миллиондорду чайнап турган.
  2. Кытай тарап жакында өтө турчу эл аралык жармаңкеге Айыл-чарба министрлигинен бир өкүл чакырып, анын чыгымдарын төлөп бермек болот. Болгону - бара турган адам министрдин орун басары рангынан ылдыйкы кызматта турбаш керек. "Дал ушул жерде Чодуев "өз кишисин" жөнөтүү аракетин кылды. Ушундай жол менен экспорт бөлүмүнүн башчысы Анаркүл Беккулиева анын кызматы министрдин орун басары макамына туура келет деген документти колуна алды. Кызыгы, бул жасалма маалымкатка Чодуев өзү кол койгон эмес, орун басары Исаевге түртө салган. Документтен шектенген кытай тарап Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине тиешелүү суроо жөнөткөн. "Эми бул окуяга катыштыгы бар адамдар аны басып коюунун аракетин көрүп жатышат. Аларда бул үчүн жолдор бар: ошол эле Исаев премьер-министр Абылгазиевдин группалашы жана досу.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83