www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү

Айдар Нуралиев 08-август 2019, 15:16

Расмий кабарлар


Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта, КР Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө четке кагып, тергөө иштерин мыйзам алкагында аткарууга катуу куралчан каршылык көрсөткөн. 

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Кыргыз Республикасы укуктук мамлекет. Мамлекеттин милдети — бардык жарандар мыйзамдын талаптарын кынтыксыз сактоосун камсыз кылуу.

Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылып, тез арада чараларды кабыл алуу зарылдыгына байланыштуу мыйзамдуулукту, өлкөдөгү тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чараларды аткаруунун зарылдыгын баса белгиледи.

УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, КР Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат беришти.

Жыйындын жыйынтыгында тийиштүү чечим кабыл алынды.

 
 
 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83