www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БОЛГОН ОКУЯ: "Кара дуба канчаларды сыздатты экен?"

Кызгалдак Жакыпова 08-август 2019, 15:45

Турмуш


БОЛГОН ОКУЯ: "Кара дуба канчаларды сыздатты экен?"

Менин курбу кызым бир жигит менен жакшы мамиледе болуп жүрдү. Ага берилип сүйүп калгандан кийин үй-бүлөлүү экенин билди.

Анан ара жолдо калды. Кыйналды, азап тартты. Бирок баш тарталбай, үй-бүлөсүн бузууга дити барбай, акырындал алыстоону чечти. Ал арада ал жигит башка кызды жандап, башка кыз менен жүрө баштады. Ага үйлөнөм деп үй-бүлөсү менен ажырашууга белсенип алыптыр. Анын бул кылыгына жинденген курбум көзү ачыктарга барды да, кара дуба окутту.

Ал жигит үй-бүлөсүн дагы, кийинки тапкан сүйүктүүсүн да таштап, курбу кызыма баш кошту. Экөө түтүн булатып жашап калышты. Мен жакамды кармандым. Кара дубанын күчүнө таңгалдым. Ушул кара дубанын айынан канча үй-бүлө бузулуп, сыздап, канча балдар тирүүлөй жетим калды болду экен?!

Кудайдан коркпогон кызкелиндер көбөйгөнү кейитет. Жараткандын каары жаман. Күнүмдүк жыргалчылыкты ойлобой, түбөлүгүңөрдү, эртеңиңерди ойлогулачы, замандаштар!, деп Айдай аттуу кыз "АЗИЯnews" гезитине өз пикирин баяндаган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83