www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талант Мамытов: "Кырдаалга Атамбаев түздөн-түз күнөөлүү"

Кызгалдак Жакыпова 08-август 2019, 16:43

Саясат


Талант Мамытов: "Кырдаалга Атамбаев түздөн-түз күнөөлүү"

Кой-Таштагы башаламандыкка жол берген бардык тараптар жооп бериши керек. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясында билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. 

Ал эми депутат Алмамбет Шыкмаматов тиешелүү күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кызматынан кетиши керектигине токтолуп: “Мындай кырдаалга жол бербешиңиздер керек болчу. Атайын операция башаламан жүргүзүлгөнү анык көрүндү. Натыйжада бейкүнөө кызматкер каза таап, карапайым эл жабыркады”, – деди.

Ошондой эле депутат Талант Мамытов кырдаалга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев түздөн-түз күнөөлү экенин ачык айтууга чакырды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы КР Конституциясынын 77-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна жана 34-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Жогорку Кеңешти кезексиз сессияга чакырган. Жыйынга Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Өкмөт мүчөлөрү жана тиешелүү күч түзүлдөрүнүн жетекчилери катышууда.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83