www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Атайын жоокерлер Кой-Ташка барчу жолду бууду

Кызгалдак Жакыпова 08-август 2019, 17:26

Саясат


ВИДЕО - Атайын жоокерлер Кой-Ташка барчу жолду бууду

Спецназдын жоокерлери Кой-Ташка барчу жолду бууду. Окуянын видеосу YouTube каналына чыкты.

Тасмадан форма кийген кишилерди көрүүгө болот. Автордун айтымында, милиция жол боюндагы мечиттин жанында турат.

Эске сала кетсек Атамбаев бүгүн, 8-августта, саат 16:30дар чамасында Ак үйгө аттана тургандыгы кабарлаган эле.  

Учурда Кой-Ташта Укук коргоо органдары көздөн жаш агызуучу газды жана катуу үн чыгаруучу граната колдонууда. Ал эми Атамбаевдин тарапташтары милиционерлер тарапка таш жана бензин куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытып жатышат, деп жавзды Спутник агенттиги. 

Кечээ 7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо  операциясындагы кагылышуудан 50дөн ашык киши жаракат алып, бир жоокери каза тапты.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев  тарапташтары жана ММКлар менен жолугушуусунда ок чыгарганын өзү айтып чыкты.

Булак: NazarNews.kg 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83