www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков: Кырчындай болгон жигитибиздин өмүрү – бийликтен да, байлыктан да, ар кандай саясий дымактан да кымбат эле

Кызгалдак Жакыпова 08-август 2019, 17:27

Саясат


   Президент Сооронбай Жээнбеков: Кырчындай болгон жигитибиздин өмүрү – бийликтен да, байлыктан да, ар кандай саясий дымактан да кымбат эле

«7-августта Кой-Таш айылында, тилекке каршы, бир канча адам жаракат алып, укук коргоо органдарынын бир кызматкери атылган октон каза болду. Кырчындай болгон жигитибиздин өмүрү — бийликтен да, байлыктан да, ар кандай саясий дымактан да кымбат эле», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында.

Ал маркумдун ата-энесине, балдарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

«Энеси — Өктөм Мамаева менен кечээ эле мекендештердин форумунда жолуктум эле. Жүрөгүм ооруп турат, аза кайгысын тең бөлүшөм», — деп айтты Президент Сооронбай Жээнбеков.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83