www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кубанычбек Исабеков кыргыз элине, президент Жээнбековго жана Атамбаевге Кайрылуу жасады

Кызгалдак Жакыпова 08-август 2019, 18:03

Саясат


Кубанычбек Исабеков кыргыз элине, президент Жээнбековго жана Атамбаевге Кайрылуу жасады

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы,"Ак жол" партиясынын депутаты Кубанычбек Исабеков азыркы жана мурдагы президенттерге Кайрылуу жасады. 

Урматтуу Кыргыз элим, Урматтуу Сооронбай Шарипович, Алмазбек Шаршенович!

Жаңылыктарды окуп зээним кейиди. Тезинен бул тирешүүнү токтотууга азыркы президент Сооронбай Шарипович менен экс-президент Алмазбек Шаршеновичти чакырам!

Тилекке каршы, курмандык болду, дагы ондон ашык жарандарыбыз жаракат алышты. Жап жаш уулубуздан айрылдык. Анткени Кой Ташта жүргөндөр дагы, күч органдарынын кызматкерлери дагы биздин мекендештерибиз.

Тилекке каршы, мен азыр мекенимден алысмын, Германияда дарыланууда элем, оор операция жасаттым. Ошону менен бирге каза болгон жап жаш инибиздин үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Балдарыбыздын жаркын келечеги үчүн, мамлекетибиздин туруктуулугу үчүн баардык маселерди тынчтык жолу менен чечүүгө чакырам.

Урматым менен, Кубанычбек Исабеков.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83