www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урмат Акунов: “Атамбаевдин хансарайы канга чыланып, кечээ тозоктун үндөрү угулуп, ажал менен арбашкан Атамбаев “бункерине” кире качты”

Кызгалдак Жакыпова 08-август 2019, 19:30

Саясат


Урмат Акунов: “Атамбаевдин хансарайы канга чыланып, кечээ тозоктун үндөрү угулуп, ажал менен арбашкан Атамбаев “бункерине” кире качты”

Белгилүү активист Урмат Акунов бүгүнкү Кой-Таштагы кырдаал боюнча үн катып, пикирин билдирди.

--Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев буга чейин адам өлүмүн теңине алган эмес. Ал бүгүнкү берген маеги менен өзүнүн жүзүн ачты. Бүгүндөн баштап Атамбаедин ким экенин толугу менен түшүндүк. Мындан ары ар бир кыргыз жараны Атамбаевдин курмандыгы болбойбузбу жана муну ээрчисек ара жолдо өлбөйбүзбү деген ойго келиш керек. Мен бүгүндөн баштап президентти коргоо эмес, бети жок экс-президенттин мыйзамсыз иштерине бөгөт коюп, арам иштерин ишке ашырууга жол бербөө үчүн элдик кошундарды түзүү жана кошундарга кошулууну туура көрдүм. Буга чейин 6 жыл Атамбаевди мактагандар менен кармашып келсек, бүгүндөн баштап Атамбаев менен өзү менен кармашууга убакыт келди.Таң калычтуусу Атамбаев бүгүн “мен баарына өзүм туруштук берип аттым” деп, элге ок чыгарганын жар салды. Өлкөнүн келечегин бүгүн ойлонбосок, эртең кеч болуп кала тургандыгына күмөн жок. Кой-Таштагы эл, 2010-жылы 90 баланын өлүмү, Ош окуясындагы 400дөн ашуун эр-азаматтардын каны менен арбагын сыйлабаган Атамбаевди эмне себептен колдоп жатканын алдын-ала ойлоп коюшу керек эле. Атамбаевди арбактар жайына койбостугун баамдадык. Атамбаев таза болсо же ак болсо Кой-Таштагы хансарайында күнүгө кылкылдаган элге той өткөрүп, өлкө башчылары менен кеңеш куруп, ал жер кеңеш ордосу болмок. Тилекке каршы Атамбаевдин арам байлыгына салынган хансарайы канга чыланып, кечээ тозоктун үндөрү угулуп, ажал менен арбашкан Атамбаев “бункерине” кире качты, - дейт Урматбек Акунов.

УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция жүрүп жыйынтыгында 40 тан ашуун жаран жаракат алып, бири кизи каза таап, милиция кызматкери оор абалда.

УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастап, операция маалында атайын багыттагы аскерлер тарабынан согуштук курал колдонулган жок экендигин жарыя кылган.

Башкы прокуратура 7-августта Кой-Ташта болгон окуя боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Андан сырткары, тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук жаратуу үчүн массалык башаламандык уюштургандарга Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү", "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" жана "Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук көрсөтүү" беренелери боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Атамбаевдин тарапташтарынын УКМКнын кызматкерлерин туткунга алышы да Кылмыш-жаза кодексинин 244-беренеси ("Туткунга алуу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин тизмесинен орун алды.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83