www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Эки дөө кармашса, ортосунда кара чымын өлүптүр” дейт, Бабанов “эки дөөнүн” кармашынан пайдаланып келе калайын десе камалат экен

Кызгалдак Жакыпова 09-август 2019, 09:48

Аналитика


“Эки дөө кармашса, ортосунда кара чымын өлүптүр” дейт, Бабанов “эки дөөнүн” кармашынан пайдаланып келе калайын десе камалат экен

УКМК саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертти. «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы акыркы саясий кырдаалга байланыштуу Бишкекке учуп келүүнү чечкен.Партиянын атынан таратылган билдирүүдө президент Сооронбай Жээнбековду жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди маселени тынчтык жана мыйзам жолу менен диалог аркылуу чечүүгө чакырыгы ташталган.

Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Учурда Москвада. Ал апрелде да Кыргызстанга кайтуу үчүн учакка билет алганын айтып, бирок келбей калган.УКМКнын маалыматына караганда, саясатчыга эки кылмыш иши козголгон. Анын бири "2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет" деген негизде болсо, экинчиси "бийликти басып алууга даярдык көрүү" деген айып менен ачылган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83