www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаевдин огунан курман болгон «Альфанын» кызматкери снайпердик винтовканын огунан курман болду

Кызгалдак Жакыпова 09-август 2019, 12:15

Саясат


Атамбаевдин огунан курман болгон «Альфанын» кызматкери снайпердик винтовканын огунан курман болду

Бүгүн «Альфанын» командиринин орун басары болгон, 1972-жылы жарык дүйнөгө келген Үсөн Ниязбеков акыркы сапарга узатылууда. Ал 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка мажбурлап алып келүү тапшырмасы менен кызматтык милдетин аткаруу учурунда снайпердик винтовканын огунан курман болду. 

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына КР президенттик аппаратынын башчысы Д. Эсеналиев, вице-премьер-министр А. Өмүрбекова, УКМКнын төрагаы О. Опумбаев жана башка бир катар мамлекеттик жогорку жетекчилер барышты. Маркумдун ата-энесине, бир туугандарына, үй-бүлөсүнө мамлекет башчысы С. Жээнбековдун атынан көңүл айтылды.  Ү. Ниязбеков 20 жылдан бери атайын кызматта эмгектенип келген. Ал өзүнүн мамлекетинин коопсуздугу, мыйзамдуулугу үчүн кызмат өтөп, өз милдетин татыктуу аткарып жатып курман болду. Артында ыйлаган төрт болосы калды. Эми ошол балдарынын, ага-туугандарынын, ата-энесинин ыйы мурдагы президент А. Атамбаевди тынч уктатпастыр.

Себеби, ал 8-августта журналисттердин алдында туруп «Альфанын» кызматкерлерине каршы 5-6 жолу ок чыгарганын мойнуна албадыбы. «Бул жерде курал менде гана болгон, мен үчүнчү кабатта болчумун, 5-6 жолу ок чыгардым» деген ал.

Демек, ошол октордун бири Ү. Ниязалиевдин өмүрүн кыйган болушу мүмкүн. АША үчүн адам өмүрү тыйынга арзыбай турганынын далили ушул болду. Эми анын мойнунда адам каны бар. Балким, мурда да адам канынын агышына себепкер болгондур. Эми ошол кылмыштары үчүн мыйзам алдында катаал жазага кириптер болушу керек.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83