www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМ социалдык тармакта мактоого алынууда

Кызгалдак Жакыпова 09-август 2019, 11:59

Саясат


ИИМ социалдык тармакта мактоого алынууда

7-8-августта Кой-Таштагы окуялардан бир нече адам жаракат алып, мурдагы президент Кой-Ташта каалагандай концерт койду.

Тилекке каршы хансарайдан кан чыгып, канчалаган адамдар жаракат алып, ак сарай окко чыланды.      

Тилекке каршы, Үсөн Ниязбеков Кой-Тараптан атылган октон көз жумуп, Самат Курманкулов оор абалда. Андан тышкары 90 дон ашууна адам медициналык кароого муктаж экени айтылды.

Учурда социалдык тармактарда Кой-Таштагы болгон окуя кызуу талкууга алынып, Ички Иштер министрлиги мактоого алынууда.

Ал эми "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев генерал Курсан Асановго ыраазычылыгын билдирди.

Курсан Асанов Кой-Ташта экс-президентти кармоо операциясынын башында туруп, жөнөкөй жарандарга жана күч органдарынын кызматкерлерине олуттуу зыян келтирбей, өз милдетин так, жоопкерчиликтүү аткарып, профессионалдуулугун дагы бир ирет далилдеди.

Анын 2010-жылдагы кандуу Ош окуясында эл менен бирге болуп, тынчтыкты камсыз кылууга, улуттар аралык достукту, ынтымакты бекемдөөгө кошкон салымын жакшы билебиз.

Курсан Сатарович кыргыз милициясынын жүзү, чыныгы генерал гана эмес, ал мамлекеттин бүтүндүгүн, кызыкчылыгын биринчи орунга койгон патриот инсан экенин көрсөттү.

Ага бекем ден соолук, үй-бүлөсүнө бакубатчылык, жоопкерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалайм,  деген Төрөбаев.

Булак: NazarNews.kg
 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83