www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Бычак кармап, “Аллаху акбар” деген “август жиндиси” элден тасма аркылуу кечирим сурады

Кызгалдак Жакыпова 10-август 2019, 13:02

Турмуш Саясат


ВИДЕО - Бычак кармап, “Аллаху акбар” деген “август жиндиси” элден тасма аркылуу кечирим сурады

Эске сала кетсек кечээ, 7-8-августта УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция жүрүп жыйынтыгында  90дон ашуун жаран жаракат алып, бири кизи каза таап, милиция кызматкери оор абалда.

ИИМ жана УКМК Атамбаевди кармап кеткенден кийин 8-августта кечки саат 22:00дон кийин борбордук Ала-Тоо аянтына ээн баштык менен бир нече агрессивдүү адамдар лидери жок кирип келишкен.

Жыйынтыгында милиция кызматкерлери түнкү маалда коомдук тартипти бузуп, жолду жаап, жарандарга жана ЖМКнын өкүлдөрүнө чейин тийише баштаган А. Атамбаевдин агрессивдүү тарапташтарын кууп таратышты.

Бейбаштыкты жана мародерчулукту алдын алуу үчүн А. Атамбаевдин агрессивдүү тарапташтарын кетирүү үчүн атайын каражаттар колдонулду.

Митингдин жүрүшүндө Эрлан Дүйшөнбеков аттуу жаран колуна бычак кармап, элди туура эмес чакырыкка үндөп “Аллаху акбар” деп кыйкырган тасма тараган эле. Учурда  ал кармалып, кыргыз элинен кечирим сурады.

Белгилей кетсек 8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Ал 26-августка чейин камакка алынды. Учурда Атамбаевдин тарапташтары суракка алынып, айрымдары камакка алынууда.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83