www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМ: "Атамбаевдин тарапташтары Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди"

Кызгалдак Жакыпова 10-август 2019, 12:52

Кылмыш жана кырсык


ИИМ: "Атамбаевдин тарапташтары Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди"

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы УКМКнын кызматкерлерин  барымтага алуу жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы  массалык башаламандыкты уюштуруу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш  жүргүзүп жатат.

Бул маалымат тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы учурда ИИМдин тергөө кызматы тергөө жана ыкчам иш-чараларды  жүргүзүүдө. Кече сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз  Республикасынын мыйзамына ылайык мындан аркы тергөө иштерин жүргүзүү  үчүн А.Атамбаевдин тарапташтары суралды, андан сырткары медиа форум акционердик коомунун жана "Апрель тв" телевидениесинин мүлкү камакка  алынды.

Тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө массалык баш  аламандыктарды уюштургандыктары жана барымтага алуу фактыларынын  негизинде КСДПнын Штабынын өкүлдөрү А.Кылычов менен А.Жамгырчиев Бишкек  ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.  

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83