www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловду башка балка менен чапкан учурдагы тасма тарады

Кызгалдак Жакыпова 10-август 2019, 13:12

Саясат Кылмыш жана кырсык


ВИДЕО -  Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловду башка балка менен чапкан учурдагы тасма тарады

Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов жандандыруу бөлүмүндө жасалма дем алдырууда, эсине келбей жатат. Социалдык тармакка Самат Курманкуловду балка менен башка чапкан учурдагы тасманы блогер Шүкүрбек Эркебаев социалдык тармагына жүктөдү.

Эске сала кетсек, 7-8-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция жүрүп жыйынтыгында  90дон ашуун жаран жаракат алып, аталган операцияны жетектеп барган подполковник Үсөн Ниязбеков ок жеп каза болду.

Ал эми Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов 7-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жараат алган, учурда абалы оор. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, мээсине кан куюлган.

Белгилей кетсек 8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Ал 26-августка чейин камакка алынды. Учурда Атамбаевдин тарапташтары суракка алынып, камакка алынууда. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83