www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эрнис Кыязов "Апрель" телеканалындагы кесиптештерине көңүл айтып, кызматташууга жана калыс болууга чакырды

Кызгалдак Жакыпова 10-август 2019, 14:40

Саясат


Эрнис Кыязов "Апрель" телеканалындагы кесиптештерине көңүл айтып, кызматташууга жана калыс болууга чакырды

Белгилүү тележурналист Эрнис Кыязов "Апрель" телеканалындагы кесиптештерине көңүл айтып, кызматташууга жана калыс болуууга чакырды. 

-...учурда кан тамырын саясат же саясатчылар аралап өтпөгөн бир да масс медиа жок. Саясаттагы "ким туура, ким туура эмес" маселесин го тарых өз нугуна коер, бирок кайсы гана тармакта болбосун: саясатта, экономикада, маданиятта, пикир билдирүүдө, журналистикада ж.б. АТААНДАШТЫК болушу кажет. Атаандаштар акпы, көкпү, кызылбы, башкабы,.. алар канчалык көп, канчалык ар түрдүү, канчалык күчтүү болсо коомдун критикалык ой-чабыты, денгээли да жогорулап ак менен караны ажыратуу мүмкүндүгү кеңейет. Бир эле тараптын дегени деген, айтканы айткан ура-ураалаган жасалмалуулуктун түбү барып өлкөнү "түркмөнстандаштырып", акыры жүрүп "КимЧенЫндык" системаны жаратып тынат.

Тигил же бул медианын жабылышы бизде ар ажонун тушунда, ар кандай кырдаалда көп эле практикаланып келе жатат, бул албетте жакшы эмес, бирок ар бир кордолгон медианын өйдө-ылдый тагдыры коомго зор сабак.

Илгери, "Алиби" деген гезитти бийлик ооздуктаганда, бир тапан акын "Алибини жаап салса "Алиги" деп ачып алып мурункудай эркин иштей бергиле да.." деди эле, анын сыңары, маалыматтык технология, интернет ааламындагы соцтармак өнүккөн бу заманда бийликтин же оппозициянын туурасын туура, туура эмесин туура эмес деп айтуунун жолдору, ыгы, шарты оголе көп. "Апрель ТВдагы" кесиптештеримин учурдагы абалын кекээрлеп "..чала болот, ошону көрүшмөк.." деп табалагандарды туура көрбөйм.

Урматтуу "Апрелчи" достор, бул да болсо чоң сыноо, силер үчүн гана эмес, башка медиадагы журналисттер үчүн, коом үчүн, саясатчылар үчүн, президент, өкмөт, бей өкмөт уюмдар үчүн зор сыноо. Журналисттер козгогон актуалдуу маселелер, үч-төрт саясатчынын, саясаттагы кайсы бир достордун же аркы-берки медиа жамааттын жеке маселеси эмес, ал темалар өлкө үчүн, мамлекет үчүн маанилүү маселелер. Алдыда кайда барып, кайсы жээкте иштебегиле, кандай маселе болбосун: Дачасубу, Бишкек ЖЭБби, тарых музейби, Батукаевби, Раим млнбу, Жээнбеков-Атамбаевби, парламент менен өкмөт маселесинби.. тигил же бул тарапка тартпай калыс картина түзгөнгө чогуу аракет кыла берели. Башкалар айта албаганды силер айткыла, силер айта албаганды башкалар айтсын, ошентип бир бирибизди толуктап алгалай берели. "Апрелчилердин" кээ бирлери менен мурда иштешип да калгам, көбү менен мамилем да бар, профессионал азаматтар, кокус араңарда биздин каналда "иштейт элек.." дегендер болсо, өлкө, мамлекет үчүн кайсы бир долбоорлордун алкагында сүйлөшсөк, кеңешсек болот, каалоочуларга иш бөлмөмдүн эшиги кенен ачык! Жашасын сүйлөө, ойлоо ЭРКИНДИГИ! 

Урматтоо менен Эрнис Кыязов

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83