www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Апрель" кылмышка шектүү адамдын мүлкү катары камоого алынды

Кызгалдак Жакыпова 10-август 2019, 17:59

Кылмыш жана кырсык


 “Апрель" кылмышка шектүү адамдын мүлкү катары камоого алынды

“Апрель” каналы оор кылмышка шектелген адамдын мүлкү катары камоого алынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти тараткан түшүндүрмөдө айтылат. Анда “Апрель” телеканалын камоого алуу анын редакциялык саясатына, көрсөтүүлөрүнүн мазмунуна же бийликке карата позициясына байланышы болбогону белгиленген.

"«Апрель» телеканалы мамлекеттик органдарга карата ачык сын көз карашы менен белгилүү болчу. Ал иштеген жылдары маалыматтык саясаты үчүн куугунтукка алынган жок. Оор кылмышка шектелген адамдын мүлкү катары гана камоого алынды”-деп айтылат министрлик тараткан билдирүүдө.

Мындан улам мамлекеттик орган бул маселени саясатташтырбоого чакырды.

9-август күнү кечинде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы соттун чечими менен "Медиа Форум" ишканасынын жана "Апрель" телеканалынын мүлкүн камоого алган. Бул аракетти бир катар медиа уюмдар жана айрым адамдар сөз эркиндигине басым катары баалашууда, деп "Азаттык" жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83