www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Кызгалдак Жакыпова 11-август 2019, 10:54

Расмий кабарлар


Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман  айт майрамы менен куттуктады.

 «Сизди жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктайм!

Кайрымдуулук, боорукердик жана  өз ара жардамдашуу сыяктуу бийик дөөлөттөргө чакырган бул ыйык майрам береке жана молчулук алып келсин.

Курман айт биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достуктун жана өз ара ишенимдин салттарына негизденген  биримдиктин жана тилектештиктин бекемдешине өбөлгө болсун», — деп айтылат Касым-Жомарт Токаевдин телеграммасында.

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Президент Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын бир тууган элине гүлдөп-өнүгүүнү жана бакубатчылыкты каалады.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83