www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АЛИ МАСтын кутуму, “бовой...” калды утугу...!

Кызгалдак Жакыпова 12-август 2019, 11:57

Кылмыш жана кырсык Саясат


АЛИ МАСтын кутуму, “бовой...” калды утугу...!

АЛ МАСтын алгачкы кадамдарынан, балптарынан калптарын учурганынан улам тымызын төңкөрүштү даярдап жатканын баамдоого болор эле. Кой-Ташта элдик штабдын ачылышы, курал-жарагым бар деп ачык жар салышы, акчага азгырылгандардын суудай агылышы, кайсыл бир тантыктардын ага кошулушу...бир күнү чыракка май тамызгандай дүрт этип, анан башталмак...

АЛ МАС кудум ушинтип ойлогон. Ал деген жердеги чыныгы турмуштан кабары жок,өзүн пайгамбардын катарына кошуп алгандыгына назар салбай, көктө учупу туруп алды. Ак Үйдү алсам эле бийлик меники деп апендидей ойлогону да кимдигин көрсөттү. Акетай, Кутузов Маскөөнү Наполеонго карматып туруп, анан Парижге чейин көчүгүнө тээп барганын кантип унутту десең. Экинчиден, революция дегенге баш тоголотсо, анын жаралуучу классикалык канондору бардыгын да эске албады.

Бир сөз менен “боводу” август төңкөрүшү. “Бовогону” бир тен да, канкор, адам өлтүргүчтүн кейпин кийип алганы бир тен болду да калды. Бир өмүр кашык менен жыйган абройун, алеки саатта чөмүчтөп чачып салды. Анын “пирр жеңишин”, эртеси мышыктай жалдырап колго түшүп беришин айтып отурбайлы. Аны соцтармактарда тынымсыз жазышып, АЛМАсчылар дале кызамңдашып, кала берсе кыргыз элине котур ташын ыргытып да жатышат. Түпкү - максаттары жок, тыйын үчүн, б.а. акча үчүн жашашкандардын кадимки селсаяктардан айырмасы деле жок. Абийирлери өзүндө кала берсин. Бирок адашкандын айыбы жок, үйүрүн кайра тапкан соң” дегенди да унутпайлы. Анткени, ар качантан ар качан кыргызым айкөл эл болуп келген, боло да бермек, болот эле.

Баса, суракка күч менен алып келүү үчүн келишкен атайын кызматтын бирини түнкү орунсуз жүргүзгөн операциясынан кийин саясий кырдаал өтө курчуй түшүп, “Кой-Таш республикасы” деген сөз катуураак айтылып, АЛ МАС өзүн Муссолинидей , кошоматчы жан-жөкөрөлөрү өздөрүн ьфашисттердей сезип калганын жашырбайлы. Балким бул чоң катачылыкты тийиштүү жерде тийиштүү аталыктар иликтеп алышар. Бирок адам өлүмү менен аяктаган, кан төгүлгөн жер үчүн кимдир бирөө керт башы менен жооп бериши барып турган иш УКМКнын жетекчилери “АЛ МАСтын курал колдонушун билбей калыппыз” деп актанганы коко тыйынга арзыбайт. Күн алдын эле “коргоном, атам деп курал - жарагынан бери жар салып, унаалар менен атайын таштарды түшүрүп, дарбазаларынын алдын бетондотуп жактанын УКМК эле угуп-күрбүй калса, бүт дүйнө күбө болуп турбады беле.

Албетте, ошол күнкү күтүүсүз жана бейийгилик чабуул да, АЛМАСчмкердин билгичтик менен коргонушуна серепчилер баасын берер бечи. Бирок, бир гана чындык оркойуп чыгып турганы бар. Ал-бул жөн эле тирешүү эмес, кадимки куралдуу көтөрүлүш болдуу. Кан төгүлдү. Атайын кызматтын подполковниги. Командир Өсөнбек Ниязбековго ок жаңылып, баатырларча каза болду.

Эң кызыгы, анын өлүмүн али эч ким теритире электе эле АЛ МАС “мен, мен жайладым” деп ырасмий айтып, бүт дүйнөгө жар салды. Драгунов көзгө атар мылтыктан (СВД), 7,62-54R октун атылганын (1200 метрге чейин атса болот) моюнга алып жатышында да табышмактар бар. Албетте тергөө иштери жүргөн соң, тагыраак маалымат болор. Бирок, эмне үчүн АЛ МАС эч ким эч нерсе айта электе эле баарын мойнуна алып, өзүнө көр казып алды. И-и, ал төңкөрүш оңунан чыгып, жеңиш колуна тийип жатканын туйуп тургансыды. Ошон үчүн оболу подполковниктин өлүмүнө Жээнбеков күнөөлүү деп сайрап туруп, соңунда СВДдан кудум өзү айтканын тастыктап койду. Эмне үчүн? Калган “басмачыларын” күнөөдөн кутултуу үчүнбү? Карабайсыңарбы, көзгө атар мергендей таамай атканын...

Экинчиден, бу курадйы да ал калптан ары кеталбады. ”Эч кимде курал болгон эмес, менде гана бар болчу” дегени да курулай жалган болуп чыкпадыбы.

УКМКнын башчысы полковник Опумбаев басмачылардан 55 курал-жарак колго түшкөнүн ырасмий билдирди.

Экинчиден, ошол түнкү түз алып берүүлөрдө автоматтарын көтөргөн бир топ басмачылардын ары-бери жүгүрүп жүргөнү бул жомоктон эмес.

...Түнкү чабуулду   тартып алган видеодон улам  кайсыл бир ойго келсе болчудай. Оболу эле күтүүсүздүктөн АЛ МАС жана анын жан сакчылары денадроо тартышып, алапайын таппай калгандай. Бирөөсү колунан кармап “качтык” деп жетелеп кетпесе, АЛ МАС ошол жерде эле каккан казыктай катып калмак жүрөгү түшкөндөн.

Бирок жан сакчы колунан жетелеп, үйгө качырып барып, 3-кабатка чыгаргандан кийин гана АЛ МАС өзүнө келген. Атайын кызматтагылар топту жарып үйгө жеткичекти бир топ убакыт кеткен. Мына ушл убаакыттан кийин АЛ МАС СВДны колго алып, кум толтурулган каптардан тизилген баррикаданын артынан ата баштаган. Атканда да таамай аткан. Эми бронжилетти тешип өткөн ок эле муну тастыктап турат.

Экинчиден, эмне үчүн ок командирдин өзүн гана барып тйиген. Кокустукпу? Жок, команданы командирсиз калтыруу керек болгонун эми түшүнүп отурабыз. Ким командир жана анын кайсыл катарда, кантип келатканын сопсонун билишкен булар.

Баса, биринчи чабуулдун соңу азырга чейин бүдөмүк... командиринин оор жаракат алышы алардын пландарын ойрон кылган сыягы. Ошондо алар артка чегине башташкан. Ал эми  бейбаш топ аларды басып алып деп салчудан бетер катылышып... алтоосун барымтага алышкан. Бирок команданын бир бөлүгү командиринин денесин алып чыгууга, үлгүрүшкөн. 

Бул албетте, сырттан караган адамдын бир байкоосудур. Демек, азырынча канкор деп АЛ МАСты атап туралы. Эми өзү мойнуна алып жатса башкача кантип атайбыз. Мүмкүн, тергөөнүн соңунда тапаткыр башка бир көзгө атар аткан болгон күндө да негизги күнөө ушул АЛ МАСта экендиги талашсыз болот.

Сөздүн ток этер жерине келсек, бул кайгылуу окуяны кээ бирөөлөр демейдеги тирешүү катары сыпаттап, ошонун айланасында бирдемелерди божурап, кала берсе Авдеева деген жүжүр катын “булч агымды УКМК өзү жасап, өзү аткан” деген тантыракка  чейин барышы күлкүдөн бакша эчтемкени жаратпайт.Уялбагандан өзүң уял ... ооба, бул куралдуу көңтөрүш болгон. Атайын пландалган, каржыланган. Кала берсе кудум ошол учурда Солтон-сарылыктар  (300дөйү) жолду тособуз деп жол боюна боз үйтигип камданып отурушса, Беловодскийде бир оштук атуулдун үйүн өрттөгөнгө үлгүрүшкөн. Бул деген өзүнчө бир сигнал болчу “жарылып” кетүүгө. Анткени, атайын кызматтын бейийгилик операциясы бийликке катуу сокку болорун сонун түшүнү турган АЛ МАС.  Бир адамды колго түшүралбаган алсыз бийликтин кимге кереги бар эле деген собол пайда болуп, отту тутантууга эң жакшы өбөлгө болмок.  Кала берсе  ал күч аталыктарына ырасмий кайрылып “элге каршы ок чыгарбагыла” деп кайрылганы да магиялык кайрылуудай болгону көрүнүп турат. Ким билсин, кайсыл бир бөлүгү эл деп басмачыларга кошулуп кетер беле... Эң башкысы  8-август күнү  таң эрте АЛ МАС президентти кетсин, деп бакырып чыккан.

Демек, бул чакырыгы үчүнчү төңкөрүштүн сигналы экендиги талашсыз. Эгерде 2010-жылдын апрелиндеги төңкөрүш менен изме-из салыштырып көрсөк ыкмалары гана  бираз башкараак,  кээ бир опокшош  эле сценарий.

Бирок Путинге эки революцияны мен жасагам деп мактанган  “улуу стратег” бийликти теңине албай чалкасынан кулап түшкөнүн өзү да байкабай калды. Анткени, экинчи чабуул башталары менен басмачылар  иштери “хана” экенин дароо түшүнүштү да дыр коюп качып жөнөштү. Атышуудан зыяндан башканы таппасын сезишкен соң, аргасы канча эле... Эгерде кайрадан атыша башташса, анда  басмачылардын бири да тирүү калбай турганын туйушту. АЛ МАС болгону кайсыл бир топ келе калса экен деп кудайдан тиленип гана отурду. Тилекке каршы, башы жок чабандестер мунарыктан башын кылтыйтышпады. Баары ойрон болду, АЛи МАС эми чындап соолукпас мас  болду.

Эми кечээки жылаңач баатыр, бүгүн тирүү өлүк. Анткени, ушул кандуу кармаштын жападан жалгыз автору да ушул алкаш болгонун эч ким, өзү да танбас. Бийлик бу курдайы мыйзам талаасынан карышка чыкпай, бирдиктүү күч менен так иштеди сыягы. Албетте, резина октору менен жөнөтүлгөн атайын кызмат УКМКнын башчысынын эле катасы болбосо керек. Бул тактикалык жактан кетирилген чоң катачылык  Балким саясий жыт да жыттанып калышы мүмкүн.

Кандайынан албайлы, мына ушул катачылыкты, АЛ МАС алсызжык катары кабыл алып, колуна курал алып төүкөрүш жасоого далбас уруп көрдү. Эми аны  кыргыздын душманы чыккынчысы, канкор деп атоого толук укуктуу ар бир кыргызстандык. 

Анаркан Чолпонова

Булак: NazarNews.kg  


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83