www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токтогул сүргүндө деле кыйналбаса керек,Токтогул көчөсүн Балбак Түлөбаев кыйнап бүттү

Кызгалдак Жакыпова 12-август 2019, 12:10

Коом


Токтогул сүргүндө деле кыйналбаса керек,Токтогул көчөсүн Балбак Түлөбаев кыйнап бүттү

Мындан бир нече жыл мурун Атамбаев президент Жамшит Калилов унаа, жол министри кезинде Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүн зыңгыратып капиталдык ремонттон өткөзүшкөн. Элдин бары шапкелерин асманга ыргытып кубанып калышкан. Балбак Түлөбаев деген Бишкектин билерманы чыгыптыр мунун Атамбаевге өчөшкөнүбү же эмне экенин ким билет, Бишкектин Токтогул көчөсүн талкалап кайра ремонт жасата баштаганына 2 ай болду. Эмне биздин бюджетибизде акчабыз ашып-ташып зыңгырап ремонттон өткөн Токтогул көчөсүн кайра-кайра ремонт кыла беребизби? Же башка көчөлөр бүт оңуп кетип, бир эле көчөнү чукулай бериш турабы? Балким асфальт төшөр алдында жердин алдына бир нерсесин унутуп кетишкендир? Эмнеси болсо да Токтогул сүргүндө деле кыйналбаса керек,Токтогул көчөсүн Балбак Түлөбаев кыйнап бүттү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83