www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаевдин камалышы Путиндин жүрөгүн түшүрүп салды, унчукпас мүрзөгө айланып бараткан ака-Киев

Кызгалдак Жакыпова 12-август 2019, 13:04

Коом


Атамбаевдин камалышы Путиндин жүрөгүн түшүрүп салды, унчукпас мүрзөгө айланып бараткан ака-Киев

Орусиянын президенти Владимир Путин 2024-жылы бийликти өткөрүп бергенден кийинки тагдырын Алмазбек Атамбаевдин азыркы акыбалына карай божомолдоп, кайсы бир чечимди кабыл алып, келечегине камынышы керек. Анткени убакыт өтөт 2024-жыл да кирип келет. Атамбаевдин камалышынан Украинанын мурунку президенти Петро Порошенко сестениши керек. Себеби ага карата коррупцияга байланышкан 11 кылмыш иши козголгон, азыркы президент Владимир Зеленский оор экономикалык акыбал үчүн Порошенкону айыптап келет. Порошенко убагында да, Зеленский убагында да Украинадагы кыргыз элчиси бир тууган үкасынан дипломатиялык кызмат алган бойдон оозун бекитип калды. Киев Ак Молого айланып баратат.

Мурдагы Советтер Союзундагы өлкөлөрдө соттук реформа таптакыр ишке ашкан эмес, соттор улам жаңы келген бийликке көз каранды болгондуктан, тактан түшкөндөрдүн тагдыры оор. Кытайдын батыш жагында жайгашкан, 6 миллион калкы бар жакыр Кыргызстандагы акыркы окуялар бул чөлкөмдө бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүдөн корккон лидерлердин бетин ачты. Кайсы бир өлкө башчысы мындай ишке барса, соңу оң натыйжа бербей турганын көрсөттү. Атамбаев коюлган айыптарга каршы болгону менен баары бир камалды. Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков мындай аракети менен күч түзүмдөрүнүн баарына болушунча үстөмдүк кыла алаарын далилдеди.

Бирок негизги маселе - бул бийлик тирешинде ким жеңгени эмес, дүйнөдөгү эң чакан өлкөлөрдүн бири болгон Кыргызстан абдан жакыр 50 өлкөнүн катарында турганы. Ошондой эле постсоветтик өлкөлөрдүн лидерлеринин бийликти тынч жол менен өткөрбөй, акырына чейин так талашуусу көйгөйдү ырбатууда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83