www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ак үйдүн атын сатып Кодурановага чалган кылмышкер аныкталды

Кызгалдак Жакыпова 13-август 2019, 09:52

Саясат Кылмыш жана кырсык


Ак үйдүн атын сатып Кодурановага чалган кылмышкер аныкталды

Түрмөдө отуруп алып президенттик аппараттын атынан Жогорку Кеңештин депутаттарына, КСДПнын басма сөз катчысына жана министрликтерге, мамлекеттик органдарга телефон чалган кылмышкерди ИИМ бат эле аныктады.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

ИИМдин тараткан маалыматына караганда, алдамчылык үчүн соттолуп, №1 түрмөдө жазасын өтөп жаткан Темир Калмырзаев өзү менен кошо түрмөдө отурган Талгат Игисиновдун телефону менен бир топ кызмат адамдарына президенттик аппараттын өзгөчө жооптуу жетекчисинин атынан телефон чалып, акыркы саясий окуялар боюнча жалган маалыматтарды тараткан.

Ал депутат Асел Кодурановага телефон чалып камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууну уюштуруп берүү тууралуу убада берип, ал-абалын сураган. Ошондой эле КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаевага да телефон чалып, 7-8-августтагы окуялар боюнча толук маалымат алып турган.

Андан сырткары, транспорт жана жолдор министринин орун басарына, Бишкек мэриясынын жооптуу кызматкерине, Экономика министрлигине жана башка бир катар мамлекеттик органдарга телефон чалып: «Кандай иштер аткарылат, кандай иштер пландалууда?» деген суроолорду берип, бардык маалыматтарды алып турган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83