www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Самат Курманкуловдун акыбалы оор, нейрохирургия борборунда дарыланат

Кызгалдак Жакыпова 13-август 2019, 14:18

Ден-соолук


 Самат Курманкуловдун акыбалы оор, нейрохирургия борборунда дарыланат

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов кечээ, 12-августта Москва шаарына жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аны жубайы жана аталган министрликтин министринин орун басары Мадамин Каратаев коштоп кетишти. Самат Курманкуловдун акыбалы оор, бирок туруктуу. Ал дагы деле жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат, бирок жолго жүрүүгө болот. Министрлик жана дарыгерлер Курманкуловду сактап калууга бүт күч-аракетин жумшашканын басма сөз кызматы белгилейт.

"Москвалык кесиптештер келип текшергенден жана онлайн-консилиумдан кийин биз аны дарылоону Москвадан улантууну чечтик. Москва шаарындагы Н. Н. Бурденко атындагы нейрохирургия борборунда дарыланат. Мындан аркы дарылануусу да Саламаттыкты сактоо министрлигинин көзөмөлүндө болот", - дейт аталган министрликтин басма сөз кызматы.

Эске салсак, Самат Курманкулов 7-8-августта мурдагы президент Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жараат алган, - деg Саясат.kg. өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булакк: NazarNews.kg

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83