www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абдил Сегизбаев: "Опумбаевдин бир да сөзүнө ишенбейм"

Кызгалдак Жакыпова 13-август 2019, 15:56

Саясат


Абдил Сегизбаев: "Опумбаевдин бир да сөзүнө ишенбейм"

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаевдин басма сөз жыйынында айткан сөздөрүнө ишенбей турганын айтты. Ал бул тууралуу журналисттерге Ички иштер министрлигине суракка кирип баратып билдирди.

«УКМКнын төрагасынын басма сөз жыйынын көрүп, бул адамдын бир да сөзүнө ишенүүгө болбосун түшүндүм. Мен ошол күнү (7-август) айылда болчумун. Ок атуу башталып, үн чыгаруучу гранаталар жарыла баштаганда эл менен кошо Атамбаевдин резиденциясына барганбыз. Барсак балдарга ок атылып жатыптыр. Мен спецназдарга кайрылып, "атпагыла" деп эки-үч жолу кыйкарганда эле бир-эки үн чыгаруучу граната жарылды. Ошол учурда ок атылып бут жакка тийип, жаракат алдым».

Сегизбаев бутунан жаракат алганын далилдеш үчүн экспертизадан да өтүүгө даяр экенин кошумчалап, «качып баратып бутун кокустатып алган» деген сөздөрдү жокко чыгарды.

Бүгүн, 13-августта өткөн басма сөз жыйынында УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаев 7-августта Кой-Ташта Абдил Сегизбаевди эч ким атпаганын, ал өзү качып баратып чалынып жыгылганын айткан.

Сегизбаев Кой-Таштагы окуялар боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматына сурак берүүгө кирип кетти.

Бүгүн, 13-августта башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев, ички иштер министри (ИИМ) Кашкар Жунушалиев 7-8-августтагы Кой-Таш айылындагы окуялар боюнча маалымат беришти, деп "Азаттык" өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83