www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бээ кымызынын дарычылык касиети

Кызгалдак Жакыпова 13-август 2019, 17:39

Ден-соолук


Бээ кымызынын дарычылык касиети

Ооруларды дарылоодо бээнин сүтүнөн ачытылып жасалган кымызды пайдалануу байыртан эле белгилүү. Кымыз менен дарылоо Кыргызстан, Казакстан жана башка жерлердеги санаторийлерде кеңири жүргүзүлөт.

Төөнүн, уйдун, эчкинин сүтүнөн да кымыз ачытылат. Бирок алар майлуулугу боюнча бээнин сүтүнөн жасалган кымыздан алда канча айырмаланып турат. Организмге жагымдуулугу, пайдалуулугу, минерал заттардын көптүгү жагынан бээнин сүтүнөн жасалган кымыздын артыкчылыгы бар.

Кымызда А, В, С витаминдери, сүт кислотасы, кант, минерал заттар, май, көмүр кычкыл газ болуп, алардын көптүгү жылкы оттогон жайытка жараша болот. Кымызды ичкенден кийин ичеги-карын жолдорунун бездери дүүлүгүп, карын зилин чыгаруу күчөйт. Ал себептен аны ачкарын ичүүгө болбойт, анткени ал карын, ичегилерди тез дүүлүктүрөт. Айрым ичеги-карын ооруларынан жапа чегип жүргөндөр, адегенде көп өлчөмдө ичсе терс таасир тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан кымызды кичинеден, өлчөмүн улам күн өткөн сайын жогорулатып, жакшы сиңимдуү, эт-аштуу, аш болумдуу тамак-аш менен ичүү пайдалуу.

Булак: ШАМБАЛА


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83