www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жолдубаеванын уюлдук телефондорун тартып алуу боюнча ИИМ түшүндүрмө берди

Кызгалдак Жакыпова 14-август 2019, 09:39

Кылмыш жана кырсык


Жолдубаеванын   уюлдук телефондорун тартып алуу боюнча ИИМ түшүндүрмө берди

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 244-беренеси (Барымтага алуу) менен  катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында К. Жолдубаеванын уюлдук телефондорундагы маалыматтарды аныктоо жүргүзүлгөн. 

Бул маалымат тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факты боюнча күбө катары КСДПнын төрагасынын орун басары К. Жолдубаева суралып, анда ал А. Атамбаевдин үйүндө болуп жаткан бардык фактыларды өзүндө болгон уюлдук телефондорго тарткандыгын көрсөткөн. 

2019-жылдын 10-август күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтомунун негизинде К. Жолдубаеванын   уюлдук телефондору  сотко чейинки өндүрүшкө маанилүү болгон маалыматтарды аныктоо жана алуу максаттында текшерүүгө алынган. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83