www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бөдөш Мамырова: "Кырчындай жоокер акылынан адашкан "акмактын" айынан ажал тапты!"

Кызгалдак Жакыпова 14-август 2019, 10:49

Саясат


Бөдөш Мамырова: "Кырчындай жоокер акылынан адашкан "акмактын" айынан ажал тапты!"

Мурдагы депутат Бөдөш Мамыров 7-8-августтагы болуп өткөн окуяга капачылыгын айтып, кесиптештерине ачуу сын-пикирин билдирди.

--Бөдөш айым, айтсаңыз 7-8-августтагы болуп өткөн окуяга ким күнөөлүү? Атамбаев камалышы керек беле?

--Атамбаев оор берене «адам өлтүрүү мыйзамсыз курал колдонуу баш аламандыкты уюштуруу» дагы бир топ оор беренелер менен кылмыш иши козголушу керек. Ошондой жагдайга түздөн-түз катыштыгы бар элди козуткан ачык да жашыруун түрдө көмөк көрсөткөндөрдү дагы жакшылап иликтеп мыйзамдуу чара көрүү зарыл. Антпесе бекер тамак анча мынча акча берип койсо мамлекетти эмес, ата-энесин саткандар пайда болду эле, жакшылап териштирсе Солтон-Сарыдан дагы Атамбаевдин жан-жөөкөрлөрүнүн кулагы чыгат. Жөн гана акчага алданып аракка тойуп алган карапайым элге забын болду. Ойлонгулачы калайык, калк кадырман журт, акыл калчап иш кылгылачы! Мына үч айдан берки Атамбаевдин арам тамагына алданган шоу маскарадыңардын айынан төрт бала жетим, бир айым жесир, бир туугандарын боздоткон трагедия менен аяктады! Кимге кереги бар эле ушул азаптын ушул кайгы муңдун. Акыл-эси жайында мен сыйлаган бир топ инсандар канча айтса да эйфорияга алдырып жүрдү...

--Курман болгон Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбековдун так эле жүрөгүнө атып салгандыгын кандайча түшүнсөк болот?

--7-августта окко учкан офицерди бир көз ирмемге эстегилечи жараткандын берген жашоосу жалп этип өмүрүн өчүрүп, анын жанын  кыйганга Атамбаевчилер көмөкчү болду. Атамбаевчилер Кудайдын алдында, үй-бүлөөсүнүн, коомчулуктун астында кечирилгис күнөөгө батты. Айлап жатып алып, акылынан адашкан адамды коштоп атып акыры дагы бир кыргыздын чыгаан жоокеринин түбүнө жетип, оо дүйнөгө узатты! Аттиң башкасы башка мен кесиптештерим, оор күндөрдө бири-бирибизге өбөк-жөлөк болгон акыл-эси жайында Карамат курдашым, Равшан иним, Асель сиңдимден өзгөчө бир акыл-насаатты күттүм эле… Тилекке каршы булар дагы Атамбаевдин алсыз акылын колдоп, коштоп кол чаап жүрдү. Мүмкүн жанында акыл-эстүү, статусу бар ушуларга окшогондор калыс карап кол чаап, коштоп көкүтпөгөндө Атамбаев, «жардамчыларым чабал» деп мынчалыкка бара албай беле? Эмне болгон күндө дагы жакшы иш болгон жок. 2010-жыл унутула элек эле го. Бир топ мени менен оор мезгилде чогуу болгон инсандар жүрдү, айтканга кулак салбай сабак алчу мезгилдер көп эле болду эле! «Арзандын тузу шор болот» дегендей үч айлык жеңил жашоо менен канчадар ден-соолугунан ажырап кырчындай жоокер тынч мезгилде акылынан адашкан акмактын айынан ажал тапты. Ойлонолу! Адам ыйык экенин кетсе келбей турганын эстеп саамга жүрөк ооруталы! Бей ажал өлүмдүн сурагы оор болоорун унутпайлы! Жетим калган балдардын жесир болгондун, ар бир мунайган күндөрүнө күнөөкөр экенди Атамбаевчилер эстей жүргүлө! «Бетеге кетээр бел калаар, Бектер кетээр эл калаар» элди сыйлап урматтап кам көрүп жашоону үйрөнөлү!

--Рахмат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83