www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жолдубаева да жоопко тартылат

Кызгалдак Жакыпова 14-август 2019, 10:59

Саясат


Жолдубаева да жоопко тартылат

Мурунку прокурор Индира Жолдубаева да Батукаев маселеси боюнча жоопко тартылат өңдөнүп калды.

Себеби, ага карата да Батукаев боюнча суралып, камалып жаткандардын бири көрсөтмө бергени маалым болду. Бул тууралуу айрым ЖМКлар күч органдарындагы ишенимдүү булактарына таянуу менен жазып чыгышты.

Белгилей кетсек, Жолдубаева ал кезде президенттик аппаратта соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмдү жетектеп, соттордун ишин көзөмөлгө алып турган. Ушундан улам, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен Нарын шаарынын судьясы Жапар Эрматовго көрсөтмө бериши мүмкүндүгү айтылууда.

Маалым болгондой, Батукаев иши боюнча камакка алынып, кайра үй камагына чыккан мурунку судья Эрматов Батукаевди эркиндикке чыгаруу боюнча өкүм чыгарган. Азырынча Жолдубаеванын качан суракка чакырылары белгисиз, деп "Багыт.kg" өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83