www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмил Каптагаевди Садыр Жапаров барымтага алган эмес, анда эмнеге камалып жатат?

Кызгалдак Жакыпова 14-август 2019, 12:59

Коом


 Эмил Каптагаевди Садыр Жапаров барымтага алган эмес, анда эмнеге камалып жатат?

Чүй облустук соту камактагы саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун апелляциялык арызын кабыл алып, даттанууну кароону 19-августка белгиледи. Ал иш мыйзам чегинде каралса Жапаров жакын арада эркиндикке чыгышы мүмкүндүгүн белгилейт.

Адвокат буга чейин ушул эле арызды биринчи инстанция канааттандырбай койгонун, анда алты айлык мөөнөт өтүп кеткени шылтоо болгонун белгилейт. Ал ошол себептүү жогорку инстанцияга арыз жазганын билдирет.

- Садыр Жапаровдун иши мурда өтө оор кылмыш деп бааланса, быйыл күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык оор кылмыштарга кирип калды. Андан да айыптоодогу бир берене алынып салынды. Ошого байланыштуу анын аракеттери 2014-жылдын 27-январында чыккан мунапыс жөнүндөгү мыйзамга туура келип жатат. Ошондо анын жазасынын үчтөн бири, үч жыл төрт айы кыскарылууга жатат. Буга чейинки олтурганы алты жылдан өтөт, натыйжада ал шарттуу түрдө бошотулушу керек. Сот 19-августта ишти мыйзам чегинде карап, туура чечим кабыл алса, анда Садыр Жапаров ошол күнү чыгышы керек. Болбосо чечимдер күчүнө киришине жана башка маселелерге карап, ал августтун аягында же сентябрдын тегерегинде эркиндикке чыгышы керек,-деди Шарабидин Токтосунов.

16-июлда Аламүдүн райондук соту саясатчы Садыр Жапаровдун мунапыска байланыштуу түрмөдөгү жаза мөөнөтүн кыскартуу боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) сунушун кабыл алган эмес. ЖАМК Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-сентябрында бүтөрүн, ага мунапыс берилсе абактагы мөөнөтүн 2023-жылга чейин кыскартууга болорун билдирген.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83