www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сегизбаев тууралуу сегиз ооз сөз

Кызгалдак Жакыпова 14-август 2019, 14:14

Коом


Сегизбаев тууралуу сегиз ооз сөз

Сегизбаев тууралуу сегиз ооз сөздү окурмандарга тартуу кылабыз...

  1. Сегизбаев сепеңдеп жүрүп Акаевдин пресс-катчысына жетет;
  2. Сегизбаев Кыргызстанда бары тынч деп Акаевди алдап жүрүп түбүнө жеткен. Болгонун болгондой айтса мүмкүн тарых тескери айланмак;
  3. Акаев 2005-жылы 24-мартта элди атууга курал камдаган. Муну билгендердин катарында Сегизбаев да болгон. Ал бийлик алмаштырып жаткан жигиттердин колуна түшүп калып төпөш жеп, куралдар каякта катылып жатканын айтып берет.
  4. Бакиевдин учурунда Сегизбаев журналистке эч ким таңсык болгон жок;
  5. Атамбаевдин экс кайынатасы Теңизбай менен Сегизбай бир тууган болуп, экс жездеси Алмаз Шаршеновичке таянып Ак үйгө жакшы кызматка келди. Эң алгач Кыргызстанды тейлеген "шопур" Илмиянов менен тил табыша албай калат. "Шопур" Илмиянов муну УКМКга айдап жиберет.
  6. УКМКнын маалыматын тейлеп жүрүп "ефрейтор" Сегизбаев генерал Сегизбаевге айланып УКМКны жетектеп, далай түз жүргөн адамдардын артына туз куят.
  7. УКМКга тиешеси жок шайлоо кампанияларын Сегизбаев чечкен.
  8. Экс болсо да жездеси Атамбаевди унуткан жок, "ефрейтор" журналист, экс УКМК жетекчиси катары барып пиар жасап турду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83