www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери эксперттер менен жолукту

Кызгалдак Жакыпова 14-август 2019, 17:06

Кылмыш жана кырсык


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери эксперттер менен жолукту

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Грузиядан келген эксперттер, тактап айтканда Грузиянын ИИМнин Патрулдук полиция департаментинин директорунун орун басары Леван Мачавариани жана Тбилиси шаарынын Патрулдук полиция башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Зураб Рухадзе менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө  Грузиянын полициясындагы реформа, анын жыйынтыгында укук коргоо органдарына  болгон жарандардын ишеними бекемделгени, андан сырткары “Коопсуз шаар” долбоорунун ийгиликтүү ишке ашканы жөнүндө сөз болду. 

Бул маалымат тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, Грузиядан келген эксперттер ушул реформа боюнча кызыктуу маек куруп беришти.  “Коопсуз шаар” доолбору  ийгиликтүү ишке ашканын, анын натыйжасында жолдордогу абал өзгөрүлгөнүн, үч жыл ичинде Грузияда полицияга болгон калктын мамилесине маниторинг жүргүзүлгөнүн, ушул мезгил аралыгында   полицияга болгон элдин ишеними 80% өскөнүн айтып беришти.

2019-жылдын 13-августунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясына чет элдик укук коргоо органдары менен алдыңкы тажрыйбаларын бөлүшүү максатында Грузиянын ИИМнин Патрулдук полиция департаментинин директорунун орун басары Леван Мачавариани жана Тбилиси шаарынын Патрулдук полиция башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Зураб Рухадзе келишкенин эске салабыз.

Аталган эксперттер бир жума бою Бишкек шаардык патрулдук милиция кызматына сынактан өтүп, учурда билим алып жаткан талапкерлерине, ИИМдин Академиясынын профессордук-окутуучулук курамына, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын, ЖКККББнын, Бишкек шаардык жана Чүй облустук ИИББнын кызматкерлерине сабак өтүшмөкчү.  

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83