www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Росгвардия кызматкери эки жаштагы кызды өлтүрүүгө айыпталууда

Кызгалдак Жакыпова 15-август 2019, 10:45

Саясат Борбордук Азия жаңылыктары


Росгвардия кызматкери эки жаштагы кызды өлтүрүүгө айыпталууда

Кемеровдо Росгвардиянын мурдагы кызматкери Андрей Кобылин эки жаштагы өгөй кызын өлтүрүүгө айыпталууда. "Город Nовостей" маалымат агенттигинин билдиришинче, трагедияга кыздын тынбай ыйлашы себеп болгон. Кемерово соту киши өлтүрүү боюнча кылмыш ишин кароону баштады. Бул тууралуу маалыматты Борборду Азия жаңылыктары билдирди. 

Тергөөнүн маалыматы боюнча 2018-жылы сентябрда Росгвардиянын кызматкери, 23 жаштагы Кобылин үйдө өгөй кызы менен жалгыз калган. Наристе чыргоолонуп ыйлагандыктан, айыпталуучу аны тынчтандырууну чечкен. Ал душтан кыздын бетине суу чачкан, кыз думугуп калган. Кобылин баланы “өзүнө келтирүүгө” гана аракет жасаганын айтууда. Кыздын энеси полицияга кайрылган эмес, кылмыштын изин жашырууга көмөк көрсөткөн.

Эки айдан кийин маркумдун чоң апасы полицияга кайрылган. Кыздын апасы анын туугандарына көрсөтпөй, конокко алып барбай калган. Анда укук коргоо органдары пенсионердин суроосуна көңүл бөлбөй, тынчсызданууга негиз жок экенин билдиришкен.

Кыздын өлгөнү 2019-жылы январда гана белгилүү болгон. Ошондон кийин Кобылин кармалып, жумуштан бошотулган. Күнөөсү аныкталса, ал өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83