www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Электр чубалгысына тоскоолдук жараткан бак-дарактар буталды

Кызгалдак Жакыпова 15-август 2019, 19:31

Экономика


Электр чубалгысына тоскоолдук жараткан бак-дарактар буталды

№ 68 Анкердик мамы толугу менен сырдалып, 35 кВ «Таш-Булак-Бекен» аба чубалгысына тоскоолдук жараткан бак-дарактар буталды. Бул тууралуу маалыматты жеринен билдирди. 

Жогорку чыңалуудагы электр жабдууларын тейлөө кызматынын адистери областтын бардык жерлеринде 2019-2020-жылдын күз-кыш айларына карата оңдоп-түзөө жумуштарын улантышууда. Кезектеги оңдоо жумуштары Сузак районуна караштуу Винсовхоз айылындагы 35/10 кВ «Бекен» көмөк чордонунда болду.

Аталган көмөк чордондун ичиндеги трансформаторлорду сырдоо жумуштары жүрдү. Андан сырткары сапатын сактоо максатында  № 68 Анкердик мамы толугу менен сырдалды. Талапка ылайык анкердик мамыларды өз учурунда сырдап туруу керек, антпесе темир анкерлерди  дат басып, убакыттын өтүшү менен сапаты жоготууга учурайт.  Ушул эле күнү 35 кВ “Таш-Булак-Бекен” аба чубалгысынын 61- 62 электр мамыларынын аралыгындагы электр аба чубалгыларына тоскоолдук жараткан бак-дарактарды бутоо жумуштары да жүрдү.

Булак: NazarNews.kg                                 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83