www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМ: "Аида Салянова тергөө менен кызматташууга макул болду"

Кызгалдак Жакыпова 16-август 2019, 08:47

Кылмыш жана кырсык


ИИМ: "Аида Салянова тергөө менен кызматташууга макул болду"

Ички иштер министрлиги (ИИМ) мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууга байланыштуу соттук өндүрүштү тергөө менен кызматташууга макул болгонун билдирди. Министрликтин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылгандай тараптардын сүйлөшүүсү ИИМдин Тергөө кызматында жүрдү.

“Адвокатынын катышуусунда тергөө аракеттерин жүргүзүү учурунда Аида Салянова тергөө менен кызматташуу каалоосу бар экенин айтты. Ушуга байланыштуу жаңы мыйзамдарга ылайык анын буга чейин бекитилген камакка алуу боюнча бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлдү” деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Тергөө менен кызматташуу боюнча келишим түзүлгөнүн Салянованын адвокаты Рабига Сыдыкова да “Азаттыкка” ырастады.

15-августта кечинде Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянованы үй камагына чыгарганын анын сиңдиси Чынара Турдалиева билдирген.

Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынып, Бишкектин №1 тергөө абагында отурган. Ал 15-июнда ооруканага которулуп, 14 күндөн кийин кайра абакка жеткирилген. Акыркы жолу сот анын бөгөт чарасын карап, камактагы мөөнөтүн 26-августка чейин узарткан.

15-августта Жогорку соттун соттук коллегиясы Салянованын Алексей Елисеевге лицензия берүү ишине байланыштуу соттук отурумду кароону улантмак. Адвокат келбей калганына байланыштуу бул жараян башка күнгө калды, деп "Азаттык" жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83