www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын караган сотко жакындары кире алган жок

Кызгалдак Жакыпова 16-август 2019, 10:52

Саясат


 Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын караган сотко жакындары кире алган жок

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын караган сотко адвокаттардан башка жакындары кире албай турат. Сот Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында өтүп жатат. Учурда сот башталганы кабарланууда, бирок мекеменин басма сөз кызматы муну ырастаган жок. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаева, журналисттер жана тарапташтарынан эч ким киргизилген жок. Бул тууралу маалыматты "Азаттык" жазып чыкты.

Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарган, депи билдирет "Азаттык".

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83