www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бабанов банктан 4% менен акча алып эмнеге элге 20% менен тараткан

Кызгалдак Жакыпова 16-август 2019, 14:44

Аналитика


Бабанов банктан 4% менен акча алып эмнеге элге 20% менен тараткан

Орус-кыргыз өнүгүү фонду кыргыз эли өнүгүп алсын деген Орусия тараптан берилген жардам. Бул фонд Атамбаев убагында коррупционерлердин акча жей турган казанына айланды. Анткени бул фонддон 4 пайыз менен жеңилдетилген насыя берилет.ь Кайсы карапайым адам 4 пайыз менен насыя ала алмак эле. Ал фонддон көзү кызарган Бабанов да Кубаныч Кулматов бул фондду жетектеп турганда 17 миллион доллар насыя алган. Албетте, АБИси Атамбаевдин уруксаты жок мынча акча берилмек эмес. Абиси бул соодагерге акча берип койдум, эми соодасын кылар деп ойлосо керек, элдин айтымында 4 пайыздан орус-кыргыз өнүгүү фондунан “Азиямоллго” же соодага насыя алган Бабанов акчаларын өзү тартып алган “Кыргызстан” банкында 20 пайыздан жүгүртүүгө чыгарган дешет. 17 миллион долларды 4 пайыздан алып 20 пайыздан жүгүртүугө чыгарса канча пайда түшөт? Колун билегине чейин матырып чартаңдаган Бабанов президентке талапкер болбойм деген абисине берген убадасын унутуп, казактардын кызыкчылыгы үчүн президентке талапкер болгон. Бул жерден да бийликти күч менен басып алам деп опурулуп, мойнунда кылмыш иши турат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83