www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кубанычбек Исабеков: "Кумтөрдөгү алтын "МАФИЯ"

Кызгалдак Жакыпова 19-август 2019, 10:57

Дүйнө жүзүндө Экономика Саясат


Кубанычбек Исабеков: "Кумтөрдөгү алтын "МАФИЯ"

Кыргыз элине белгилүү саясатчы Кубанычбек Исабековдун калемине таандык "Кумтөрдөгү алтын мафия" китебин NazarNews.kg маалымат агенттиги окурмандарга сунуштайт. 

ИСАБЕКОВ КУБАНЫЧБЕК САТИНДИЕВИЧ

1957-жылдын 20-февралында Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылында туулган.

1973-жылы орто мектепти аяктаган. Эмгек жолун 1973-1974- жылдары “Чолпон” бут кийим фабрикасында жумушчу болуп баштаган.

1974-жылы Львовдогу жогорку аскердик-саясый окуу жайына тапшырып, аны 1978-жылы бүтүрүп, офицер болуп чыккан. 1978-1988-жылдары Советтик Армиянын бөлүктөрүндө офицердик кызматты аркалаган. 1989-жылдан 1991-жылдары Ленин райондук Кеңешинде жана райондук Аткаруу комитетинде иштеген. 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик Улуттук университетин артыкчылык диплому менен аяктап, юрист адистигине ээ болгон. 1992- 1998-жылдары бизнес структурада жетекчи, 2001-жылы коомдук башталыштагы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси болгон. 2000-жылкы телесынактын жеңүүчүсү, “Жылдын мыкты ишкери” номинациясынын ээси. Кыргыз Республикасынын Соода -өнөр жай палатасынын мүчөсү болгон. 2001-2004- жылдары “Нарын” эркин экономикалык аймагынын башкы директорунун орун басары болуп иштеген. 2005-жылдын март айынан 2010-жылдын апрель айына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине эки жолу депутат болуп шайланган. Парламентте миграция боюнча комиссиянын төрагасы, эки жолу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары – вице-спикери болуп иштеген. 2005-2007-жылдары ТИМдин дипломатиялык академиясынын артыкчылык диплому менен аяктап, эл аралык алакалар боюнча адистикке ээ болуп чыккан. Төрт китептин автору. “Жети-Өгүз” коомунун президенти. Ысык-Көл областтык журналисттер комунун башкармалыгынын төрагасы.

Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген экономисти, юридика илимдеринин кандидаты, айыл чарбасынын отличниги. КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын “Шериктештик” ордени, СССРдин, Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын 17 орден- медалдары менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү. Үч баласы бар.

Учурда биргелешкен Кыргыз-Герман “Нарын” ЖЧКсынын башкы директору.

АЛГЫ СӨЗ

Колума калем алып, көкүрөктө түпөйүл болгон нерсенин бетин ачууга болгон далалатымдын өзгөчө себеби бар. Анткени, жөнөкөй жаран, коомдук ишмер жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки жолку чакырылышынын депутаты, вице-спикэри катары иликтеген Кумтөр алтын кенинин ишмердүүлүгү, өлкөдөгү паспорт кризиси, миграция маселелери, адам сатуу жана башка ушул сыяктуу учурдун көйгөйлүү проблемаларын “жон терим” менен сезгендиктен, жеке эле Кыргызстандын чегинде эмес, эл аралык деңгээлде маселе көтөрүүгө туура келди. Мына ушул маселелердин ичинен Кумтөр алтын кени кыргыз эли үчүн пайдалуу кызмат өтөбөй келе жаткандыгы тууралуу демилгечи болуп жүргөнүмө коомчулук кабардар болуш керек. Эмне үчүн Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн келишимдеги баш аламандыкты көтөрүп чыгууга батындым? Оболу ушуга кыскача токтолуп кетейин...

Кумтөр кени, биринчиден, бүткүл Кыргыз элинин байлыгы, экинчиден, менин алтын туурум конуш алган Жети-Өгүз районунун аймагында болгондуйтан, ал жердин касиети, берекеси мен үчүн ары ыйык, ары сыймыктуу сезилчү. Ата-бабаларыбыз мекендеген жерибизде ушундай ири кен байлыктын бар экени зор мартаба эле. Ошондуктан, алгач алтын кени иштетиле баштаганда, кыр­гыз элинин бардар жашоосуна арка-бел болор ири долбоорго чоң үмүт артканбыз. Тилекке каршы, аз эле убакыттын ичинде “ырынан, чыры көп” Кумтөр проблемасы күчөп, андагы көз боёмочулук менен түзүлгөн келишимдин алдамчылыгы ачыкка чыга баштады. 1998-жылдагы Барскоон айылындагы цианид кырсыгынан улам, көптөгөн жарандарыбыз жабыр тартып, дагы канчалаганы майып болуп калышты.

Ошол учурда, Кыргыз Өкмөтү карапайым жарандардын кызыкчылыгын коргоштун ордуна андагы айлана-чөйрөнү коргоо министри баш болгон атка минерлер жылаңачтанып сууга түшүп, канадалыктарды апендинин кызындай мактап, аларды сүттөн ак кылып, дүйнөлүк масштабдагы “ЧПны” жаап-жашырып жатышты. Жабыр тарткан элге төлөнгөн 4 миллион 400 миң доллар компенсацияны Президент А. Акаев, биринчи Вице-премьер-министр Б. Силаев кымырып, “жеп” койгон фактылары жөнүндө узун сабак сөз жүрдү. Айтор, бөөдө азап чеккен элибиздин көйгөйүн чечиштин ордуна, бийлик кайгыдан да бизнес жасоого үлгүрүп жатты. Эли­биздин маңдайына жаралган ушундай бийлик турганда душмандын кереги жок экени бештен белгилүү болуп калды. Карапайым калкка болгон мындай адепсиз мамиле, албетте, менин инсандык ариетимди козгоп, ушул жерде туулуп өскөн жаран катары элимдин укугун коргоого бел байлатты.

Мен Кумтөр алтын кенинин ишмердүүлүгүнүн “ийне-жибине” чейин изилдеп, кыргызга кызмат кылаар чындыктын бетин ачууга аракет жасадым. Мындан саясый упай топтоп, же болбосо, куру намыстуу патриот болгум келген эмес. Алгачкы 2002-жылдары жөнөкөй жаран катары көтөргөн маселелерим ырасмий бийликке жетпей, жетсе да орундуу жооп алууга мүмкүн болгон жок. Ошондуктан, 2005-жылы бир мандаттуу Жети-Өгүз шайлоо округунан депутаттыкка ат салышууга туура келди. Ошол жылы менин элим зор ишеним көрсөтүп, шайлоочулардын көпчүлүк добушуна ээ бо­луп, биринчи турдан эле депутаттык мандат алууга жетиштим. Элимдин бул ишеними өз элинин кызыкчылыгына каршы иштеген монстр-Өкмөттүн башчылары “Камеко” компаниясы менен Кумтөр кенинин меселелери боюнча кармашууда табылгыс курал болуп берди. Түзүлгөн келишимдердин Конституцияга туура келбеген жагдайын далилдеп, Канадалык компанияны, Кыргыз Өкмөтүн баш кылып сотко бердим. Жалпы жонунан 45 жолу соттоштум. Мындай сот процесси эгемендүү Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында кездешпеген алгачкы саамалык болду. Кыяматтын кыл көпүрөсүндөй кылтылдаган нечендеген кыйынчылыктарды баштан кечирдим. Албетте, бийлик деген бийлик.

Миллиондогон доллар акчалардын “тагдыры” чечилип жатканда, коррупциялык келишимдерге тийиштиги бар бийлик өкүлдөрү жөн жатышмак беле. Кызмат сунуш кылышкан. Адамдык абийиримди акчага алмаштыргысы келишти. Балдарымды чет өлкөдө окутуп берели дешкен. Башкача айтканда, мени акчага сатып алышкысы келген. Албетте, сот процессиндеги жеңиштер өзүнөн өзү жаралган жок. Түйшүгү көп күндөр өттү. Нечендеген душман күттүм. Кээ бирлерине бирден торпок таратышып, мага каршы коюшту. Айласы куруганда коркутушту. Бирок, мен шайлоочуларымдын алдында берген убадамды аткаруу үчүн бекем турдум. Буга мезгил күбө, тарых тастыктап турат.

Кумтөр голд компани” биргелешкен ишканасынан кийин Кыргыз Өкмөтүндөгүлөр будамайлап, жеке кызыкчылык үчүн түзгөн “Центерра голд инк” компаниясынын макулдашуучусу Кыргыз элинин ырыскысын байлаган, мыйзамга каршы келген до­кумент экенин ачык айтып, коррупциянын чордону болгон андагы бийлик өкүлдөрү, канадалык ишкерлер менен жалгыз күрөшүүгө аргасыз болдум. Чындык деп чычаладай чыркырап, фактыларды далилдөө үчүн “Центеррага” кирген Монголиядагы, АКШдагы кен чыккан жерлерди өз көзүм менен көрүп, алардын мүмкүнчүлүгү менен таанышып келдим. Мында Кыргыз бийлиги, менин депутат коллегаларым байкоочу катары сынап карап турушкандай сезилди мага. Канткен менен мен өз миссиямды так аткара алдым десем жаңылышпаймын. Эң башкысы эл алдында жүзүм жарык.

Сөзүм куру болбос үчүн айрым фактыларга токтолгум келет. 2005-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенден кийин “Кумтөр голд компани” (КГК) ишканасында иштеген жергиликтүү кызматкерлердин эмгек акысынын тоо коэффициентин көбөйтүү жөнүндө маселе көтөрүп чыгып, алардын эмгек акысын 2,4 эсеге көбөйтүүгө жетиштик. 2006-жылдын 1-январынан баштап “КГК” ишканасынын кызматкерлерине 2,4 эсе жогорулатылган коэффициентти кошуу менен кошумча акы төлөнүп, жумушчулар орто эсеп менен айына 50 миң сомдон жогору айлык ала баштады. 2006-жылдын 1-январынан баштап жумушчулардын эмгекке жараксыздык баракчаларына “КГК” компаниясынын орточо эмгек акысын эске алуу менен төлөп берүүгө мажбурладым. Ошондой эле өндүрүштүн зыяндуулугу үчүн кызматкерлердин айлык маяналары көбөйтүлдү. Мурда “КГК” тарабынан мындай төлөмдөр каралган эмес эле. Окурмандардын эсине сала кетүүчү жагдай, Кумтөрдө жеке эле Ысык-Көл облусунун эмес, Ош, Нарын, Жалал-Абад, Та­лас, Баткен, Чүй облустарынын тургундары иштешет.

2006-жылы 30-декабрда менин сот аркылуу доо коюмдун натыйжасында “Кумтөр оперейтинг компани” биргелешкен ишканасы­нын жетекчилиги 45 691 000 (кырк беш миң миллион алты жүз токсон бир миң) сом өлчөмүндөгү жер салыгын Жети-Өгүз районунун мамлекеттик салык инспекциясына төлөп берди. 2007-жылдын 22-мартында соттун чечиминин негизинде Жети-Өгүз райондук салык инспекциясына 2006-жылдагы жердин ижара акысы үчүн 15 091 750 сом төлөп берди. 2007-жыл үчүн дагы 15 091 750 сом төлөштү. Андан кийин Жогорку сотко чейин барып, соттошуп жүрүп, 94 миллион 177 миң 541 сом Кумтөрдөн өндүрүп алынды. Бардыгы болуп жер салыгы үчүн эле жергиликтүү бюджетке 170 052 041 сом акча каражаты түштү. Мына ушундай бараандуу иштерди жүзөгө ашырууда ошо кездеги Жети-Өгүз районунун акими Замир Турдукеев, Кеңештин төрагасы Жекшенбек Кыдыев, райондун прокурору Медер Абдышев, райондун салык инспекциясынын башчысы Сыдык Абдыкалыков, анын орун басары Кадырбек Аджиевдер көп жардам беришти. Бул эми жасалган иштин миңден бири десем туура болот.

Урматтуу окурман! Сиздер көз жүгүртүп окуй турган бул китеп чырмалышкан коррупциялык системанын Кумтөр алтын кенине тийгизген эбегейсиз терс таасирин чечмелеп берет деген үмүттөмүн. Анткени, детективдүү жанрдагыдай кылмыштуу иш-аракеттерди өз көзүм менен көрүп, алардын бетин ачууга тикемден тик турбадымбы. Ачуу чындык, соттордун адилет чечим чыгаруусуна далил болуп берди. Окурмандарга түшүнүктүү болушу үчүн жана далил катары тийиштүү документтерди, цифраларды көп келтирүүгө туура келди. Себеби, Кумтөр долбоору өлкөнүн тарыхындагы республикалык бюджетти толтуруучу ири өндүрүш тармагы болгону менен, анда чиеленишкен коррупциялык схема орун алган. Ошондуктан, кыргыздын көйгөйүнө айланган Кумтөр алтын кенинин тегерегиндеги финансылык аферанын кантип көз жарганын жана алардын алдамчылык иштерин элибиз билиши абзел.

Бүгүнкү күндө элибиз үчүн күйүмүш болгон ошол учурдагы мыйзамга каршы келген макулдашууларга кол койгон аткаминерлердин аттарын билүүгө коомчулуктун толук акысы бар. Мен ойлойм, окурман журтум, ушул китеп аркылуу алтын кенинин нечен түркүн “сырларын” чечмелөөгө мүмкүнчүлүк ала алышат. Анда эмесе, биз менен бирге болгула.

Сиздерди урматтап, КУБАНЫЧБЕК ИСАБЕКОВ, Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты, экс-вице-спикери, юридика илимдеринин кандидаты. КРнын Эмгек сиңирген экономисти.

“КУМТӨР” КЕНИ ЖАНА “КАМЕКОНУН” КЕЛИШИ

Кумтөр алтын кени негизинен Советтер Союзунун убагында 1978-жылы эле геологдор тарабынан изилденип табылган экен. Айрым маалыматтарга Караганда бул кенди СССРдин бийлиги 2005-жылдары иштетүүнү пландаштырыптыр. Тилекке каршы, Союз урагандан кийин ар бир республика өзүнүн арбайын тарта баштаганда, экономикалык кризистин алдын алуу үчүн Кумтөр кенин иштетүү каралган. Бул уникалдуу кен. Ал дүйнө жүзүндөгү жетинчи эң ири кендердин бирине кирет. Кендин запасы боюнча СССРдин аймагында үчүнчү орунда турган. 716 тонна алтын запасы бар кенди иштетүү боюнча инвесторлорду тартууда ошол учурдагы “Легендарлуу” парламенттин трибунасында бир топ талаш-тартыш пикирлер жаралганы эсибизде. Андагы депутат Дастан Сарыгулов канадалык “Камеко” компаниясынын келишине ачыктан-ачык каршы чыгып, Жогорку Кеңеште англиялык компанияны жактаганы коомчулукка маалым. Айтор, канчалык кайчы пикирлер жаралбасын Кумтөр алтын кенин иштетүүго Канаданын “Камеко” компаниясы ишеним алганын аргасыз моюнга алышыбыз керек.

Албетте, бул кандай компания? Кайдан? Ким алып келди? деген собол жаралары турган иш. Ошол учурда ири дер­жава СССРден бөлүнүп чыккан Орто Азия республикалары пландуу экономикадан жаңыдан рыноктук чарба жүргүзүүгө өтө баштаган шарттан пайдаланып, еврейлердин кээ бир шылуун “десанттары” биздин регионго келе баштаган окшойт. Анткени, кыргыз алтынын өз алтынындай чет өлкөгө ташыган еврей улутундагы Борис Бирштейн Кыргызстанга келгенге чейин КМШ өлкөлөрүнүн Украина, Россия, Казакстан жана Өзбекстанга да барышы, ал жактан куулуп чыкканы сөзүбүздү айкындап турат. Арийне, Бирштейн кошуна өлкөлөрдөн кубаланганы менен, ал Кыр­гызстанга келгенде жылуу-жумшак кабыл алынышы таңданууну жаратпай койбойт.

Мунун да жөнү бар. Себеби, дүйнөлүк масштабдагы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу Санжар Айтматов 1992-жылы “Сиабеко” фирмасынын башчысы Борис Бирштейн мырзаны Прези­дент Аскар Акаевге тааныштырган. Ошентип, кошуна өлкөлөрдүн Президенттери жанына жолотпогон эл аралык деңгээлдеги аферист Б. Бирштейн мырза А. Акаевдин мамлекеттик кеңешчиси деген бийик даражага ээ болуп, Ак үйдүн 7-кабатынан кабинет берилип, өзгөчө сыйга бөлөнөт.

Арадан көп өтпөй Кыргызстандын энчисиндеги 1801 килограмм алтынды Б. Бирштейн эч кандай бажы, жана башка тийиштүү төлөмдөрүн төлөбөй менчик самолету менен ташып кеткени жамы журттун эсинде болсо керек. Ошондогу “Легендарлуу” парламенттин депутаттары канча алтын ташылып кеткендиги жөнүндө сураганда, анда­гы “Кыргызалтындын” президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Сарыгулов, “тараза жок болуп калып, көз божомолу менен эсептегенбиз” деп айткан жайы бар экен. Бул эмне деген кайдыгерлик?! Кыргыз элинин байлыгын көз болжол менен чет өлкөгө айдаган ал кандай жетекчи? Убагында муну тактап эч ким сура- ган эмес. Кыргыз алтынын белгисиз жактарга алып кетүүдө Санжар Айтматовдун да салымы чоң экени талашсыз. Тилекке каршы, Президент А. Акаев эл энчи болгон алтынга карата жеке кызыкчылыгы болгондугунан улам, Б. Бирштейн, С. Айтматов жана башка тийиштүү адамдарга чара көрүүнүн ордуна, улуу балээден унчукпай кутулуп кеткен.

Балким, Аскар Акаев Чьңгыз Айтматовдун сөзүн эки кылууга аргасы болгон эмес. Анткени, А. Масалиев, А. Жумагулов жана Аманбаевдер Президенттикке талапкерлигин коюп өтпөй калганда, Чьңгыз Айтматовдун сунушу менен Москвада СССР Жо­горку Советини депутаты болуп иштеп жүргөн Аскар Акаевди түн ичинде чакырып келишип, эртеси Президенттикке шайлашпады беле. Чындыгында күтүүсүз иш болгон. Акаев дин чарба, өндүрүш жаатында жетекчи катары таптакыр тажрыйбасы жок эле да. Би­рок, ошого карабастан Президент болуп шайланган. Мында Чьңгыз Айтматовдун салымы чоң болгон. Ошондуктан, Акаев Айтматовдун алдында өмүр бою чөгөлөп, карыздар болгону чындыр? Мүмкүн, Чьңгыз Айтматов менен Санжар Айтматовдун сунушунан улам, эч нерсени иликтебей, тактабастан “Сиабеконун” башчысы Борис Бирштеинди алып келишсе, ошого макул болгондур? Кийин Акаевдин деле “дээринде” бар окшойт, ал дагы алтынга арбалып, эл ишенимин арткан ажолугун унутуп, элдин байлыгын “жеп-ичүүдөн” кай­ра тартпай, дүйнөдөгү ири кендердин бири болгон “Кумтөр” алтын кенин ит бекер канадалык шылуун еврейлердин колуна кармата бергендиги үчүн элдин убалына калды десем жаңылышпаймын.

Элибиздин дагы бир мыкты уулдарынын бири ошол убактагы Премьер-министр Насирдин Исанов “Кумтөр” долбоору боюнча Ка­надалык ишкерлер менен келишим түзгөнгө каршылардан экенин билчү элек. Бирок, бул адам автоавариядан делип, табышмактуу өлүмгө дуушар болгон.

Эми “Камеко” компаниясынын таржымалына көз жүгүртсөк, бул дүйнөдөгү уранды иштетүү боюнча 2 -орунду ээлеген ишкана экен. Ал эч качан алтын өндүрүшү менен иштебептир. Бирштейндин “Сиабеко” фирмасынын шарапаты менен келген “Камеко” компаниясы Акаевдик бийликтин коюнуна кирип, Кумтөр алтын кенин иштетүүгө жан талашкан. Тагыраак айтканда, “Сиабеко” менен “Камеко” эже- сиңди десек жарашат. “Камеко” дейбизби, Бирштейн дейбизби, алардын шылуундугун ушундан билиңиз, алтын өндүрүшү боюн­ча бир күн иштебеген компания, эч кандай тендерге катышпай жападан-жалгыз өзү кыргыз мыйзамын тебелеп-тепсеп, Кыргызстандын Өкмөтүн “сатып алып” келишим түзгөн.

АЛГАЧКЫ “МАНДЕМДҮҮ” КЕЛИШИМ

Ошентип, 1992-жылы Кыргыз Өкмөтү менен Канадалык “Ка­меко” компаниясы эки тараптуу келишимге кол коюшуп, алтын өндүрүүчү “Кумтөр голд компани” ишканасы пайда болгон. Жаңы ишканада Кыргызстандын үлүшү 66,67 пайыз, канадалык компанияга 33,33 пайыз үлүш берилет. “Легендарлуу” парламенттин депутаттары Кыргызстан үчүн 66,67 пайыз аз үлүш экенин айтышып, андагы Премьер-министр Турсунбек Чынгышевди министрлер кабинети менен кошо кызматынан кетирген. Ошол учурда Т. Усубалиев баш болгон депутаттар Кумтөр алтын кенинин Б. Бирштейн тарабынан ташылып кеткен алтындын тагдыры бо­юнча маселе коё баштаганда, президент А. Акаев кандайдыр бир себептерге таянып, ар кандай жолдор менен бирине кылмыш ишин козгоп, бирине кызмат берип, бирине сыйлык берип дегендей, Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таратуу чечимин кабыл алган. Эсиңерде болсо керек, “Кызыл папка”, “Кызыл директорлор” деген термин ошондо пайда болгон. Жаңылбасам, “легендарлуу” парламенттин депутаттары: Үсөн Сыдыковго, Жалгап Казакбаевге жана башка бир топ адамдарга кылмыш иши козголгон. Негизи, “Кызыл папка” жөндөн жөн эле ачылбаса керек. Бүгүнкү күндө ошол “китепти” “сары майдай сактап” жүргөн “легендар­луу” парламенттин Турдуакун Усубалиев баш болгон мүчөлөрү бар. Эмне үчун ушул убакытка чейин ошол папкадагы материалдарды коомчулукка чыгарбай жатышат? Кыргызмын деген улуттук сезим болсо, мамлекеттин келечегине күйө билсе, азыр алып чыгышпайбы. Эгерде андагы Жогорку Кеңештин мүчөлөрүнүн эрки жетип, шектүү иштерди коомчулукка жарыяласа, “легендарлуу” парламенттин мөөнөтүнөн мурда тарашы, Кыргызстандан ташылып кеткен алтын жана эң башкысы Канадалык компаниянын кантип кыргыздын алтын кенине ээ болуп калганынын бети ачылар беле?

Алгачкы күндөрү “Кумтөр” боюнча долбоорго тикесинен тик туруп  өз аргументтери менен каршы болуп келишкен Дастан Сарыгуловго “Кыргызалтын” концернине жетекчилик кызматты, Топчубек Тургуналиевге Гуманитардык университеттин ректорлук кызматын бергенден кийин алар өз талаптарынын унутушканы табышмак бойдон кала берди. Ал эми Т. Усубалиев аксакалга мамлекеттик резиденциядан үй, “Кыргыз элинин Баатыры” наамын бергенден кийин ‘жумшарып”, андагы бийликтин сөзүн сүйлөп калды. Баарынан кызыгы да ошол учурдагы Кыргызстандын Башкы прокурору А. Шаршеналиев “мандемдүү келишим” боюнча Канаданын Торонто шаарына барып, “баары жайында” деген бүтүм чыгарып келгени.

Алтын маселеси, мына ушуну менен токтоп калбаптыр. Жогорку Кеңештин кийинки чакырылыштагы депутаттары дагы атайын комиссия түзүшүп, дал ушул “Кумтөр” долбооруна кайрылган экен. Тилекке каршы, ал комиссия өз ишинин өтөсүнөн чыккан эмес. Ошондогу Жогорку Кеңештин депутаттары: Султан Урманаев, Тургунбек Кулмурзаев, Камчыбек Кудайбергеновдор, комиссиянын мүчөсү катары олуттуу маселе көтөрө баштаганда, айлакер Акаев алардын да жолун таап, Султан Урманаевге Өзгөчө кырдаалдар министри, Тургунбек Кулмурзаевге Кыргызнефтгаз ишканасынын жетекчилигин, Камчыбек Кудайбергеновго “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын президенттик кызматын бере коюптур. Айтор, Акаев канадалык компаниянын кызыкчылыгын коргош үчүн Президенттик кызматынан кыянатчылык менен пайдаланып келген. Ошол жылдары “Кумтөр” долбоору боюнча келишимди кароо тууралуу маселе көтөрүлгөндө, ишкананын президенти Лен Хоменюк Жогорку Кеңештин депутаттарын көзгө илбей, баягы Н.Хрущев ООНдо ботинкеси менен трибунаны койгулагандай, “билгениңерди кылып алгыла” теризде, ал дагы трибунаны койгулап, доомат кылган экен. Бул деген көпкөндүк, өзүн өзү билгендик. Албетте, бийлиги мажирөө өлкөдө мындайлар чардап жүрөрүн биздин Президенттер далилдеп бербедиби.

Эми келишимдин жагдайына токтоло турган болсом, Кумтөр кенин иштетүү боюнча эки тараптуу макулдашуу Жогорку Кеңеш тарабынан ратификациядан өткөн эмес. Конституцияда “Эл аралык келишимдер Жогорку Кеңеш аркылуу бекитилет” деп жазылып турат. Эл аралык келишимдер боюнча мыйзамдын 11-беренесинде, “мейли менчик, мейли чет элдиктер болсун, тоо кендери боюнча иш кылышса, ал келишимдер Жогорку Кеңештен мыйзам катары ратификациядан өтсүн” деген талаптар бар. Бирок, Аскар Акаев “ легендарлуу” парламент тараткандан кийин, өзүнүн Жарлыгы менен эки тараптуу келишимди ратификация кылганы бизге маалым. Демек, бул ири долбоор “чу” дегенде эле мыйзам бузуулар менен башталган. Ошондуктан, аны башынан эле" криминалдуу, көз боёмочулук, шылуундук жол менен түзүлгөн келишим деп айтууга толук негиз бар.

Ошо тушта Аскар Акаев менен жең ичинен сүйлөшүп, оңой олжого туйтунгусу келип, “Кумтор голд компани” жана “Кумтор оперейтинг компани” дегенди түзүшкөн “Камеко” компаниясы өндүрүшкө инвестиция алып келдик дешип, мактанып жүрүштү. Алар алтын кенин иштетүү үчүн эч кандай инвестиция алып келген жок деп ачык эле айта аламын. Себеби, макулдашуу боюнча канадалыктар Кумтөрдөгү 10070 гектар аянтты ээлеген “Борбордук”, “Сары - Төр”, “Түштүк-Батыш” участокторун алышып, ошол жердеги алтын кенин чет элдик банктарга күрөөгө коюшуп, кре­дит алышкан. Алынган кредитке фабрика курушуп, техникаларды сатып алышкан. Коомчулукка маалым болушу үчүн айта турган маселе - 400 миллион доллар суммасындагы кредит биздин алтыныбыздын эсебинен үстөгү менен толук төлөнүп берилген. Айрым маалыматтарга Караганда, канадалыктар кенди иштетүү үчүн 460 миллион доллар кредит алышкан. Алынган кредиттин 70% ы республикалык бюджеттен төлөнүп берилип, 30% ын канадалыктар төлөгөн экен. Эми ушундай ыкма менен иштеген компанияны ин­вестор деп айтууга болобу?! Мен антип айта албаймын. Бул деген “эки бутту бир кончко” салгандай эле шылуундук. Кыргыз эли үчүн мындай пайдасыз келишимди түзүүгө Дастан Сарыгулов мырза өзү кол коюп, коррупцияга жол ачып берген. Салык төлөтүү, бийик тоолуу шартта иштеген жарандарга кошумча төлөмдөрдү киргизүү жөнүндө оюна деле келбесе керек.

1992-жылы Кыргыз Өкмөтү деле ушундай жол менен кенди күрөөгө коюп, кредит алып, адистерди чакырып фабрика куруп өз алдынча алтын казып алууга болот эле. А. Акаев башында тур­ган кыргыз бийлиги муну билбей калды дегенден таптакыр алысмын. Анткени, алгачкы күндөн эле тар чөйрөнүн кызыкчылыгын көздөгөн Кумтөр кенинин долбоору канадалыктардын “басымы” менен ишке ашып келгени биздин коррупционер бийликтин шалаакы аракети деп түшүнүүго болот. Демек, өз элинин жыргалчылыгына каршы иштеген жетекчилер качан да болсо жоопкерчиликке тартылып, жазасын алыш керек. Бул тарых алдындагы чоң күнөө.

Анан дагы канадалыктар менен түзүлгөн келишимде Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү фондуна акча чегерилип туруу каралган. Алгачкы жылдары эле облустун өнүктүрүү фондуна 1 000 000 доллар которулган. Миллион доллар деген анда аз эмес акча болчу. Ал кезде Ысык-Көл облусунун губернатору Жумагул Сааданбеков болгон. Бирок, ушул акча каражаттары максатсыз жумшалгандыгы боюнча прокуратуранын кызматкерлери тергөө иштерин жүргүзүшүп, Жумагул Сааданбеков дагы жана башка облустун башчылары кызматынан кол жууган. Бир топ эле ызы-чуу болгону эсибизде. Бирок, бул иш деле “жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын” дегендей, укук коргоо органдары тарабынан эч кандай чара көрүлбөй, “бармак басты, көз кысты” болуп кала берген.

НАРКЫНАН КЫМБАТ ФАБРИКА

Андан да кызыгы, “Камеко” алтындын запасы боюнча изилденип, такталган даяр оокатка келген компания. Бирок ошого карабастан, канадалык компания кенди изилдөөгө шылтоолоп бир нече миллиондогон доллар акча каражаттарын “сол” чонтөккө сологон учурлары болгон. Башкы келишимдин талаптарына ылайык, ишкананын 9 кишиден турган Директорлор кеңеши уюшулуп, анын алтоосу кыргызстандык болмок. Бирок, муну “Камеконун” башчысы менен “Кыргызалтындын” президенти Дастан Сарыгулов экөө жоюп салып, ушундан улам ишкананын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү кан буугандай токтогон. Ал эми кенди иштетүүчү комбинат Техникалык-экономикалык негиздеме боюнча 276 миллион 600 миң долларга курулмак. Канадалык компания комбинаттын курулушуна иш жүзүндө 452 миллион 200 миң доллар сарптадык дешип, ортодо 175 миллион 600 миң доллар ашыкча каражат негизсиз чыгым болгон. Эки тараптуу келишимде, Техникалык-экономикалык негиздемелерде дагы фабриканын курулушунун наркы төмөн болчу. Бирок, ошол убактагы ишкананын келишимине кыргыз тараптан Дастан Сарыгулов кол койгон. Алардын айтымында, канадалыктардын чыгашалары толук эсептелбей калган деген таянакка келишкен. Ал эми канадалыктар, жок жерден тапкан чыгымды кыргыз алтынынын эсебинен үстөгү менен кошо тындым кылышканы таң калтырбай койбойт. Демек, 175 миллион 600 миң долларды Кыргыз мамлекетинин бийлигинде турган Аскар Акаев баш, Дастан Сарыгулов төш болуп канадалыктар менен бирге “жеп” алышкан десек жарашат. Чет элдик шылуундар качан  эле бир нерсени унутуп, суммага кошумчалап, акча албай калсын? Буга ким ишенет? Бирок, жалпы кыргыз элинин, тарыхтын алдында алдоого болбой тургандыгын мезгил ырастап жатпайбы.

Алтын кенинде курулуп бүткөн фабриканы кабыл алууга катышкан Президент Аскар Акаев, “Кыргызалтындын” президенти Дастан Сарыгулов, Өкмөттүн өкүлү Николай Танаев ашыкча чыгым боюнча эч кандай каршы пикирин билдиришпей, билмексен болушуп, канадалыктардын “май-кол, сүт-кол” сыйын көрүшүп, арак-шарап ичип, шапар тебишип, басып кетишкен. Тескерсинче, “Силер чыгымды көбөйтүп койдуңар, азайткыла” десе болот эле да. Мында кыргыз бийлиги кимдин кызыкчылыгы үчүн иштегени айдан ачык билинип жатпайбы. Ушул иштер боюнча бүгүнкү күнго чейин эч ким жоопкерчиликке тартылган жок.

Бакиевдин бийлиги күчүндө турганда 2008-жылдын 1-декабрында ошондогу Башкы Прокурор Элмурза Сатыбалдиевге жогорудагы маселе боюнча кайрылып: “Фабриканын курулушуна 175 600 000 доллар эмне үчүн ашыкча жумшалган?”, - деген суроону жолдодум.

Андан кийин “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча келишимге ылайык, таза пайдадан киреше алуу каралган болчу. Ошондо алтындын эсебинен Кыргызстан 600 миллион доллар киреше алышы керек эле. Анын ордуна Кыргыз Өкмөтү 63 миллионго жетпеген акча алган. Бул деген дээрлик он эсе аз каражат. Техникалык-экономикалык негиздемеде киреше так-даана жазылып турат. Факт жүзүндөгү бекитилген каражатка Караганда чыгымы көп болуп калган. Ошондуктан, “А эмне үчүн мындай чоң айрыма чыгып атат?” деп, мен Башкы Прокурордон дагы сурадым. Техникалык-экономикалык негиздемени чет элдиктер өзүлөрү бекиткен. Тагыраак айтканда, канадалык ишкерлер “жети эмес, жетимиш өлчөп, бир кескен” документ болчу. Анан өзүнүн чыгымын өзү көбөйткөнү, “өтүгүн төрге илгенге” барабар болгон. Эмне үчүн Техникалык-экономикалык негиздеменин так аткарылышына көзөмөл болгон эмес?!

Биздин мамлекеттен ошол келишимдерге кол коюп, өлкө үчүн ири чыгымга дуушар кылган адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек эле да. “Кантип мындай айырмачылыкка жол берилип жатат?”, - деп Башкы Прокурор Элмурза Сатыбалдиевге Кат менен кайрылганымдын жөнү ушундай болгон. Бул өтө маанилүү маселе эле. Мында да Башкы Прокурор жетиштүү маалымат бере алган жок. 

(уландысы "Бекер берилген жайыттар тууралуу" ) 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83