www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Назира Мамбетова, КРнын Эл артисти: “Адам деген кубулуп турбаса болбойт экен”

Кызгалдак Жакыпова 20-август 2019, 08:58

Маек


Назира Мамбетова, КРнын Эл артисти: “Адам деген кубулуп турбаса болбойт экен”

Б.Кыдыкеева, М.Рыскулов атындагы сыйлыктардын ээси, сахнада жана кыргыз тасмаларында кайталангыс образдарды жараткан белгилүү актриса Назира Мамбетова чыгармачылыгы тууралуу буларды айтып берди. 

“Артисттер ички дүйнөмдү козгошту окшойт” 

-Актрисалык кесипти тандаганымдын себеби, илгери мен бала кезде Фрунзеден опера-балет театрынын жана Нарын драм театрынын артисттери айылга келип спектакль, концерт коюп кетишчү эле. Артисттер кеткен соӊ булардын каяктан келгендиги, кантип жаралгандыгы тууралуу ойлонуп, ички дүйнөмдө изилдей берчүмүн. Анан мектепти бүткөндөн кийин борбор калаабызга келип музыкалык орто окуу жайдан билим ала баштадым.

Студент кезимде театрлар кайсы жакта жайгашканын жакшы билип алдым. Биздин окуу жайда театрларга барыш үчүн студенттерге бекер билет берилчү. Театрга барганга артисттер мага эмнегедир башка дүйнөдөн келген адамдардай сезилчү. Акыры аларга болгон кызыгуум артып Москвадагы театралдык институтта болгон конкурска катышып 1-турда эле өтүп кеттим. Билбейм...

Ал кездеги артисттер менин ички дүйнөмдү козгоштубу же кудайдын буйругубу, айтор издеп жүрүп сахнанын жолун таап алдым. 

“Ойсоӊдоп жаман иш жасаган жокмун” 

-Ч.Айтматовдун “Делбирим” аттуу чыгармасынын негизинде тартылган “Мен Тянь-Шань” фильминде Кадичанын ролун аткаргам. Элдин баары аны терс каарман катары кабыл алышкан экен.

А, мен ал кишини эч кандай терс каарман деп эсептпбейм. Себеби, Кадича сүйүүгө укуктуу аял болуп жаралгандан кийин жашоого да, сүйгөнгө да укугу бар. Аселден мурун Кадича менен Иляс сүйлөшүп жүргөн болчу. Андан кийин Иляс Аселге жолугуп жатпайбы. Бул жерде эч кандай бузукулук жок. Эми муну жогорудагы чыгарманы окугандар жакшы билишсе керек. Кадичанын ролуна Н.Аринбасарова, Т.Турсунбаева жана мен болуп үчөөбүз тандалганбыз.

А, менин кандай болуп өтүп калганымды ошол учурдагы “Мосфильмдин” көркөм кеӊешинин өкүлдөрү эле билсе керек. Мага мунун себебин алар эч айтышкан жок. Фильмдин режиссёру Ирина Иавновнанын Кадичаны бир аз ойсоке кылсамбы деген үмүтү бар болчу. Ошондо мага жаш болсом да Кадичаны терс каарман кылгым келбегендиктен режиссёр менен талашып-тартышууга туура келген. Канчалык аракет кылып аткарсам да баарыбир эле терс каарман катары кабыл алышат. Чындыгында мен ойсоӊдоп жаман иш жасаган жокмун. Ал кезде өзүм турмушка чыга элек болгондуктан сүйүү деген эмне экендигин билчү эмесмин. Бирок кесибим актриса болгондуктан каармандын образын ачып берүүгө жакшы эле аракет кылдым. Бир жолу ооруканага келип тамагым ооруп жатканын айтсам врач процедура жазып берди. Анан мээрман айымга келсем макул болуп чыгып кетип ошол бойдон келбей койду. Бир убакта башкасы келип процедураны 9 күн жасагандан кийин эӊ акыркы күнү баягы мээрман айым келип:

“Билесизби, сизге эмне үчүн процедура жасабай кеткенимди? Себеби сиз Кадичасыз да. Сиз процедурага кечикпей өз учурунда келип жүрдүӊүз. Ойлоп көрсөм сиз жакшы эле аял турбайсызбы”, - деп айткан эле.

Кадичаны эмнегедир мырзалар өлүп-талып сүйүшсө, аялдар аябай жек көрүшчү. Фильмди тартуу учурундагы бир окуя эсимден кетпейт. Иляс менен Кадичанын кафеде отурган жери бар эмеспи. Ошондо мен суунун арак экенин билген эмесмин. Айла жок аягына чейин ичкенден кийин абдан кыйналгам. Жашоомдо болсо сүйүү маселеси абдан татаал болду. Жүрөк аябай кыйналып калат экен. Жолдошум бирөөлөрдөн аябай кызганчу... 

“Курманжан Даткадай эне дүйнөдө болбосо керек” 

-“Курманжан Датка” тасмасындагы Камчыбек дарга асыла турган учурду режиссёрдун табылгасы деп эсептейм. Себеби анын эл үчүн өлүмдү карай жайдары көз караш менен кетип бара жатканын карабайсызбы. Анан жагдайды туура баамдап ыйлабай энесинин оюн көз карашынан эле түшүнүп башын бийик көтөрүп турган эр-азаматка эмнеге өлүмгө тике кара деп айтыш керек... “Өлүмгө тике кара!” деген сөздү чыгармасына киргизген Төлөгөн  (Касымбеков-ред) агайга ырахмат.

Чындыгында турмушта бул сөз айтылгандыгын биз билбейбиз да. Тарыхый инсандын ролун аткарарымды билип сценарий менен таанышкандан баштап эле абдан толкундандым. Себеби мен үчүн өтө жоопкерчиликтүү иш болду. Мындай эне дүйнөдө болбосо керек. Кыргыз элинен тышкары дегеле дүйнө жүзүндөгү көптөгөн элдердин купулуна толгон образды чыгаруу кимге болбосун түйшүк жаратмак. 

“Турмуштагы актёр жасалмалуулукка басым жасайт” 

-Турмушта ар бир адам эле актёр болсо керек. Биз жагдайга жараша мамиле кылабыз да. Жакшы киши менен жакшы сүйлөшүп, жаман киши менен пикирибиз келишпесе тамашалап тез эле ойнотуп коёбуз.

А, бирок сахнадагы актёр менен турмуштагы актёрдун айырмасы асман менен жердей. Сахнадагы актёр көркөмдүк менен алек болсо, турмуштагы актёр жасалмалуулукка басым жасайт. Адам деген кубулуп турбаса болбойт экен. Кээде аргасыздан калп айтууга туура келет... 

Булак: Нурислам   КАБАКБЕКОВ, NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83