www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кубанычбек Исабековдун "Кумтөрдөгү "Алтын" МАФИЯ" китебиндеги коррупциялык ишмердүүлүктүн мамлекетке зыян келтирген далилдери...

Кызгалдак Жакыпова 20-август 2019, 11:45

Дүйнө жүзүндө Экономика Саясат


Кубанычбек Исабековдун "Кумтөрдөгү "Алтын" МАФИЯ" китебиндеги коррупциялык ишмердүүлүктүн мамлекетке зыян келтирген далилдери...

Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген экономисти, юридика илимдеринин кандидаты, айыл чарбасынын отличниги. КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын “Шериктештик” ордени, СССРдин, Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын 17 орден-медалдары менен сыйланган Кубанычбек Исабековдун калемине таандык "Кумтөрдөгү "Алтын" МАФИЯ" китебиндеги коррупциялык ишмердүүлүктүн мамлекетке зыян келтирген далилдерин окурмандарга тынымсыз жарыя кылып турабыз.

БЕКЕР БЕРИЛГЕН ЖАЙЫТТАР

1993-жылы Өкмөттүн токтому менен канадалыктарга 10 миң 70 гектар жер ижарага берилген. Бирок, Кыргыз Өкмөтүнүн тийиштүү мекеме уюмдары жердин чек арасын так аныктап беришкен эмес. Ушундан улам, акыркы жылдарга чейин тигил жактан 20 гектар, бул жагынан 40 гектарды ээлеп, улам жылып, аянтын кеңейте беришкен. Райондук архитектура кызматынын макулдугусуз эле “Кумтөр” ишканасы техникалык жактан тейлөө боюнча имараттарды жана курулуштарды кошумча куруп, башкача айтканда, гараж, администрациялык жайлар жана долбоордук- сметалык документтерде бекитилбеген турак жайларды, жолдорду куруп алышкан. Мындай өзүм билемдик, албетте, Кыргыз Республикасынын курулуш жөнүндөгү мыйзамдарын одоно бузгандыкка жатат. Андан калса, “Кумтөрдүн” башчылары убагында “Кыргызгипрозем” мекемесинин адистерин “түштүк-батыш” карьерин жана калдык сакталган объектилери боюнча маалыматтарды алууга киргизүүдөн баш тартышкан.

Урматтуу окурман! Кыргыз жараны бир метр огородунан чы-гып кетсе, же турак жайын архитектуранын уруксаты жок курса, ага айып салынат. Керек болсо, Кыргыз бийлиги Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарды мыйзамсыз курулду дешип, үйлөрүн сүрдүрүп салган учурлары болгон. Ал эми канадалыктардын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзө келгенде биздин ишенген бийлигибиз кайдыгерликтин чегинен чыга алышкан эмес. Себеби, “Кумтөр” ишке киргенден бери Кыргыз Өкмөтүнүн тийиштүү кызматкерлери, жергиликтүү бийликтин, архитектура, жерге жайгаштыруу кызматынын адистери ушул жердин чек арасын аныктоо боюнча бирөө дагы басып барбаптыр.

Эмне үчүн кыргыз мамлекети чет элдик ишканага ар кандай жеңилдиктерди бере берген? Эмне үчүн экологияны бузгандыгы, цианид төккөндүгү үчүн тийиштүү жоопкерчиликке тартылган жок? Эмне үчүн Лен Хоменюк баш болгон канадалык ишкерлерге каалагандай иш жүргүзө турган шарт түзүлүп калган? Айтор, суроонун үстүнө суроо жаралат.

Ошондуктан, ушул иштер боюнча Жогорку Кеңештин депутаты катары өзүм демилге көтөрүп, 2008-жылы мамлекеттик каттоо, архитектура, гипроземдин адистерин, прокуратурадан тийиштүү кызматкерлерди чакыртып, берилген жердин чек арасын аныктоо боюнча адистерди жибергенмин. Ал ар эки күн жүрүшүп, жердин чек араларын так аныктап, картасын чийип, мамыларын орнотуп келишкен. Канадалыктар мен жиберген адистерди киргизбейбиз дегенде, “энеңди-атаңды” дегенге чейин барганбыз. “Кумтөрдүн” Президентин күчкө салып жүрүп, акыры, баары менин айтканымдай болгон. Ушул-иш чарага жумшалган 36 миң сомдон (керек болсо квитанциясы сакталуу) ашык акча каражатын “Кыргызгипроземге” өзүмдүн чөнтөгүмдөн төлөп бердим. “Бул казыктан өтсөңөр, ишиңер чатак болот!”, - деп канадалыктарга катуу талап койгонмун. Чындыгында бул ишти Өкмөт жасашы керек эле.

Анан дагы, канадалык компания каалаган жерин тебелеп жол сала беришиптир. Буга транспорт министрлиги жана башка мамлекеттик мекеме уюмдар эч нерсе дешкен эмес. Канча мыйзам бузууларга жол берилгенине карабастан, бир жолу айып салышпаптыр. Мындай болбойт да. Биз деген эгемендүү мамлекетпиз. Биздин мыйзамдарыбызга бардыгы баш ийиши керек. Ушундан улам, кенди казып алуу боюнча чек арасын аныктап атайын акт түзүлгөндөн кийин, эми ал ар кошумча жерлерди пайдалануу үчүн тендердик негизде иш жүргүзө турган болушту.

Өзгөчө өзөк өрттөөчү жагдай, Башкы макулдашууга ылайык канадалык компания миңдеген гектарлаган жерден алтын казып  алып, 12 жылда бар болгону казынага 7 миң доллар жер салыгын төлөгөн. Бул факт.

Эгерде кыргыз ишкери салыктан карыз болуп калса, салык инспекциясы, финансы полициясы мал-мүлкүн камакка алып, айласын кетирет эле. А эмне үчүн 10070 гектар жерди пайдаланып, алтын казып алып жаткан “Камеко” компаниясы мамлекетке салык төлөбөшү керек? Негизинен “Кумтөр” ишканасы буга чейин чыгашалуу компания болуп келди. Алтын казып атып, анын пайдасын көрбөгөн мамлекет дүйнө жүзүндө Кыргызстан гана болсо керек. Бул жөн эле абсурд. Ушунча жылдан бери алтын казып жатып, жалаң гана чыгашага иштеген компания кайсыл өлкөдө бар болду экен?

Берилген баардык жеңилдиктерге, тагыраак айтканда, он жылдап салыктан, бажы төлөмдөрүнөн бошотулганына карабастан, канадалык компания 200 тоннадай алтын казып алып, 2,5 миллиард долларга сатып, 16 жылдан бери чыгашалуу ишканабыз деп жалган айтып келишти. 2008-жылдын 1-апрелине 191 миллион доллар карызыбыз бар дешип, мамлекеттин башын айландыргандан жадаган жок.

Эгер билсеңер, Кыргыз Өкмөтү биргелешкен ишкананын өнөктөшү болгон “Камеконун” бардык кредиттик карызнан эбак эле кутулткан. “Кумтөр” компаниясынын эч кимге карызы жок. Ошого карабастан канадалыктар чыгашаларын атайын көбөйтө беришкен. Мурунку Өкмөт башчысы Н. Танаев, “канадалыктар майрамдын алдында өз жеринен самолет менен пирожки алып келип жешчү”, - деп айткан жайы бар. Назар салыңыз, окурман. Николай Танаев 2008-жылы 11-февралда “24kg” маалымат агенттигине берген маегинде, “На свои канадские праздники они отправляли самолет к себе в страну за пирожками, и все эти расходы ложились на нас — 70 процентов мы платим за пирожки, а они — только 30. В вопросе зарплаты также была несправедливость. Наши граждане получали копейки, иностранцы — в десятки раз больше...” Премьер-министр Н.Танаевдин бул айткандары анын колунан эч нерсе келбеген алсыздыгы. Анын бул “эрдиги” үчүн баатырлык на- амды берүү керек эле, балким... Бирок, Танаев мырзанын айтканы жаңылык эмес болчу. Ошол чет өлкөгө “самандай сапырылган” акчалар кыргыз жеринин, кыргыз элинин акчасы, ырыскысы болгон.

Туура, айлык төлөө маселеси да бирдей болгон эмес, жергиликтүү калктын укугу басмырланган көрүнүшкө жол берилген. Маселен, “Кумтөрдө” иштеген 90 чет элдик жаран биздин 1850 адамдан көп айлык алып келген. 2006-жылы жалпы “Кумтөрдүн” жумушчуларынын айлыгы 46 миллион долларды түзгөн. Анын ичинде 1850 кыргызстандык жумушчулар ал сумманын айлык катары 22 миллион доллар алса, канадалыктардын 90 жумушчусу 24 миллион доллар алышкан. Бул биздин Эмгек кодексибиздин талаптарына да туура келбейт экен. Бирдей эле жумуш аткарган кыргыз механиги ошол эле жумушту аткарган канадалык механиктен 15 эсе аз айлык алган. Ушуну кантип адилеттүүлүк деп айтууга болот? Кумтөр деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте жайгашса да, жумушчуларга бийик тоолуу жерде иштегини үчүн коэффициент төлөшкөн эмес.

Элдин кызыкчылыгынан жеке кызыкчылыкты башкы орунга койгон ач көз, журтту тоногон жетекчилердин кесепетинен ушинтип канадалык ишкерлер чалчактап жүрүшкөн. Бул деген кыргыз бийлигинин алсыздыгы, Президент менен Өкмөт башчысынын канадалык шылуундардын алдында көз каранды болуп тебеленгендигин айгинелейт.

БАРСКООН ТРАГЕДИЯСЫ

1998-жылдын май айынын аягында Барскоондо авария болду. Эки тоннага жакын цианид 'Барскоон суусуна төгүлөт дагы, убагында эл-журтка туура маалымат жеткирилбегендиктен сууну пайдаланган жарандарыбыздын көбү жабыр тартты. 48 аялдын боюнан түшкөн. Мал, балыктар өлгөн. Жергиликтүү калк жер-жемишин сата албай, Ысык-Көлгө бир дагы турист келбей калган.

Бул канадалык ишкерлердин кайдыгерлигинин жеткен чеги эле. Эгерде өз өлкөсүндө ушундай экологиялык кырсык болсо, сот тарабынан “Камеко” компаниясы ири айыпка жыгылып, тийиштүү жазаларын алат болчу. Канаданын мыйзамы боюнча айлана-чөйрөнү булгагандыгы жөнүндө жалган маалымат берсе, 1 миллион канадалык доллар айып салынып, керек болсо, 5 жылга эркинен ажыратылат экен. Ал эми айлана-чөйрөнү коргоо жаатында коомчулуктун кызыкчылыгына дал келбей, зыян келтирүүгө жол берсе, сот аны кылмыш жоопкерчилигине тартып, адам өлтүргөнгө тете жазалашат. “Камеко” компаниясынын шылуундары бизди канча алдады. Бул боюнча жазага кириптер болушкан жок. Мына ушул жерде Канада өлкөсүнүн мыйзамынан үзүндү келтирүүнү туура көрүп турамын.

“Канада. Специфика исполнения требований канадского законодательства по охране окружающей среды проявляется именно в отношении к уголовным наказаниям. Юристам Канады принад­лежит инициатива считать загрязнение ОС, не оправдываемое интересами общества, уголовным преступлением наряду с убий­ством [420].

Уголовный кодекс (УК) Канады включает статьи, которые могут быть применены для природоохранного регулирования, на­пример, ст. 387 — 301 о нанесении ущерба: лицо, виновное в за­грязнении ОС, подлежит уголовному преследованию; лицо, сбрасы­вающее в ОС химические отходы, может быть признано виновным по ст. 174 о недозволенном размещении в общественном месте летучих веществ, способных встревожить или стеснить других, причинить им неудобства или ущерб собственности.

В рабочем документе Комиссии по реформе права Канады, озаглавленном “Преступление против окружающей среды”, ставится вопрос о возможности рассмотрения ОС в качестве объекта охра­ны с помощью УК. Предлагается ввести в УК статью, квалифици­рующую загрязнение ОС как преступление на основе 5 принципов: 1) вступление правонарушения в противоречие с фундаменталь­ными ценностями общества; 2) определение серьезности ущерба, нанесенного в результате правонарушения (кроме экологической катастрофы); 3) действие или бездействие рассматривается как уголовное преступление, если это действие или бездействие совершено преднамеренно, по безответственности, халатности; 4) определить, не вступают ли меры по пресечению преступлений против ОС в противоречие с такими фундаментальными ценно­стями, как гуманность и справедливость, адекватность судопро­изводства, презумпция невиновности и т. д.; 5) необходимость оценивать квалификацию правонарушения или преступления с точки зрения ее вклада в дело борьбы с экологическими правона­рушениями, а главное — их предупреждения [543].

Новый федеральный Закон Канады об ООС дает детальную разработку штрафных и уголовных санкций за загрязнение ОС, на­деляет частных лиц правом возбуждать иски против виновников загрязнения [172, 267, 298, 304, 544]. В частности, предостав­ление ложной информации карается штрафом до 1 млн канад­ских долларов и лишением свободы сроком до 5 лет. Штрафы за загрязнение могут достигать 1 млн долл./сут. [446] В про­винции Манитоба, например, существует развернутая система штрафов за загрязнение до 200 тыс. долл./сут. в отношении ком­паний, не выполняющих мер по контролю загрязнения ОС [467].

(Лебедева А.Н., Лаврик. О.Л. Природоохранное законода¬тельство развитых стран Ч. 2.: Аналит. обзор /РАН. Сиб. отд- ние. ГПНТБ. В 3-х)

Кыргызстанда, мыйзам бузууга каршы эмне кылып келишти? Цианид кырсыгынын кесепетинен адамдар жабыркап, экологиялык трагедия болуп жатса, кыргыз бийлиги аларды коргоп жүрдү. Цианид төгүлгөн жердеги көпүрөнү көргөн адам, “ушул жол аркылуу кантии, оор жүк ташыйт?”, - деп, жакасын карманары талашсыз эле. Совет доорунда эле курулуп, өзүнүн “өмүрүн өтөп” бүткөн көпүрөнү оңдоп-түзөбөй пайдаланып келишкени, биздин бийликти тоготпогондук дешке туура келет. Инвестициялык келишимде жолдун өңдолушу, айлана-чөйрөгө зыян келтирүү учурунда компенсация төлөп берүү каралганы менен, андагы беренелер так аткарылбай келди. Эгерде цианид менен сууга кулаган контейнерди кыргыз чек арачысы көрүп калып, кабар бербесе, бул окуяны канадалыктар “жабылуу аяк, жабылуу бойдон” калгандай кылышары бештен белгилүү болчу.

Чындыгында цианид кырсыгы элибизге күтүүсүз түйшүк арттырды. Эми ал учурдагы элдин маанайын сөз кылуу өтө кыйын. Ууланган жарандарыбыз айласын таппай ден соолукка арачы болор нерсеге зар болуп бийликтен үмүтүн үзүшкөн эмес. Жети-Өгүз районундагы айылдардын кунары кетип, аңгырап кудум эле согуштагыдай абалга туш келгендей болгон.

Ошондо, Президент жана Өкмөт тарабынан мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Комиссиянын жетекчиси биринчи вице-премьер- министр Борис Силаев болгон. Саламаттык сактоо министринин орун басары, Кыргызстандын башкы санитардык врачы Давид Шапиро да комиссияда иштеген. Шапиро мырза ушунчалык өз ишинин “устаты” экен, цианид төгүлгөн жерлерге КАМАЗ машиналары менен алып барып хлор төктүргөн. Хлор менен цианид реакция жүргөндө анын терс таасирин күчөтөт экен. Мына ушунун кесепетинен адамдар ого бетер жабыркашты. Бул таптакыр эле өзүнүн ишин билбестик, же атайын эле жасалгандык маселе боюнча тергөө иштери жүрүшү керек эле. Бирок, Акаев башында турган бийлик буга кайдыгер карап, камырабай, чындыкты бурмалашып, канадалыктардын таламын талашып, жактап жүрүштү. Басма сөз, телекөрсөтүүлөр аркылуу “Жети-Өгүздө баары жакшы” деп жалган маалымат бергендери дале көлдүктөрдүн эсинде.

Канткен менен, “Камеко” компаниясы тарабынан Барскоондогу кырсык үчүн Кыргыз Өкмөтүнө 4 миллион 400 миң доллар компенсация чегеришет. Бул ири каражатты Президент Аскар Акаев, ошол учурдагы өкмөттүк комиссиянын башчысы Борис Силаев баш болуп кум-жам кылышат. Анан кырсыктан жапа чеккен элди алаксытып, анча-мынчасын Ысык-Көлдүн түндүк тарабындагы пансионаттарда дарылатымыш, эс алдырымыш болуп кылышкан. Кызмат көрсөткөн пансионаттардын акысын Акаевдин бийлиги ошол бойдон толук төлөбөй кетти. Мен муну түздөн-түз элди алдоо, алаксытуу болгон деп айтамын.

2005-жылдары Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенден кийин цианид трагедиясы боюнча Президент, Өкмөт жана Жогорку Кеңешке маселе коюп жүрүп, акыры Бакиевдин Өкмөтү канадалыктардан 4 миллион 400 миң доллар карыз алып, ошол сумманы жабыр тарткан элге 5 транш менен бөлүп берген. Акыркы бешинчи транштын компенсациясын Барскоон, Тамга, Тосор, Кичи Жаргылчак, Чоң Жаргылчак айылынын тургундары 2009-жылы январда араң алышты. Дээрлик 11 жылдан кийин мыйзамдуу компенсациясын алууга жетишти десек болот. 11 жыл мурда акчанын баркы дагы күчтүү эле. Мына ушул айырмачылыкты Өкмөт төлөп бериши керек болчу. Анткени, мыйзамда бул маселе каралган. Өкмөт муну да төлөбөй кетти. Элге төлөп берген 4 миллион 400 миң доллар сумма чындыгында өтө эле аз каражат болгон. Ошол убакта Акаев, Силаевдер өз кызыкчылыгын көздөшүп, мына ушул суммага сыягы токтолушкан. Бул жерде жеке-түз чыгымдардан башка, моралдык жактан да төлөмдөр болушу керек эле. Анан эми жабыр тарткан элге компенсацияны 11 жылдан кийин араң төлөп берген канадалыктарга көз каранды болгон. Өкмөттү, жергиликтүү тургундардын кызыкчылыгын коргойт деп айтууга болобу?

Негизи он бир жылдап созулган цианид кырсыгынан жабыр тарткандарга компенсацияларды мамлекеттен төлөтүп алуу оңой- олтоң болгон жок. Бир катар чогулуштар болду. Ысык-Көл облусунун ошол учурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов жабыр тарткан беш айылдын элинин арыз-арманын угуунун ордуна, алардын талабына тикеден-тике каршы болуп турду. Керек болсо, бийлигине таянып, коркутканга чейин барган. Ошого карабастан, элибиз өзүнүн атуулдук позициясына бекем туруп, укугун коргоп, бир топ талаптарды коюп келди. Эгерде алар жөн эле бийликтин көзүн карап отура берсе, компенсация албай калышы турган иш эле. Ошол күндөрү мага Жогорку Кеңештин депутаты катары Жети-Өгүз районунун башка айылдарынын тургундары, “Эмне үчүн сенин айылың тизмеге кирип, башкалар кирбей калган?”, - деген суроолорду бергендер болду. Эми бул жерде кызмат абалынан пайдаланып, “өз айылын компенсация алууга кошту” деген бүдөмүк ой болбосун үчүн, ушул маселеге өзгөчө токтолуп кетким келет.

Барскоондогу цианид кырсыгы 1998-жылы май айында болгон. Мен болсо андан жети жылдан кийин 2005-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланганмын. 1998-жылдары жөнөкөй ишкер катары Нарында иштеп жүрдүм. Анан эми цианид кырсыгынан жабыр тарткан башка айылдардын компенсация алууга кирбей калышынын себебин, ошол убактагы түзүлгөн мамлекеттик комиссиядан сураш керек. Эгерде менин колумдан келсе, бардык айыл үчүн канадалыктардан компенсация өндүрүп бербейт белем. Ошол учурда, андай мүмкүнчүлүк менде болгон эмес.

Бирок, Жогорку Кеңешке депутат болуп шайлангандан кийин, цианид кырсыгы боюнча, деги эле канадалык компаниянын кесепетинен азап тартып жаткан жетиөгүздүктөрдүн талабын парламентте, Өкмөттүн жыйындарында такай коюп келдим. Тийиштүү министрликтерге жергиликтүү элдин каттарына, талаптарына жооп алып берүүгө болгон аракетимди жасадым. Баары чечилбесе дагы көп көйгөйлөрдүн башы ачылды. Азыр болсо “бышкан аштын ээси көп” демекчи, айрым адамдардын бүткөн ишке автор болуп, бийик трибунадан сүйлөп жатканын көргөндө түңүлөсүң. Бул маселенин бир жагы.

Экинчи жагдай. Дүйнө жүзү боюнча өндүрүштүк ишканаларда иштеген жумушчулар камсыздандырылышы керек. Ошол эле Кумтөрдө дагы. Анткени, иштеп жаткан адамдын ден соолугуна, табийгатка зыян келсе, камсыздандыруу аркылуу тийиштүү суммасынын төлөнүп берилиши шарт. Ушундан улам, “Кумтөр” ишканасы дагы камсыздандырылганын танбайт. Демек, ал ар кенди иштетүү боюнча алдын ала камсыздандыруунун 67 пайызын биздин мамлекетке бериши керек болчу. Ошол учурда жеке эле 4 миллион 400 миң доллар менен алдабай, канадалык компания камсыздандыруу аркылуу дагы элди каржылоого милдеттүү болчу. Бул мыйзамда төлөмдөр каралган. Анда камсыздандыруу боюнча төлөмдөр кайда кетти? Муну ким алды? Эмне үчүн камсыздандыруу боюнча 67 пайыз үлүшү пайдаланылбай калган? Буга эч ким кызыгып, сураган эмес. Балким, кыргыз бийлиги тийиштүү сумманы алган да, адаттагыдай “Жеп” коюшкан. Бул дагы тарых алдындагы маанилүү собол.

Мындан башка Кумтөр кенинде бир топ кырсыктар катталган. 34 киши каза болду. 62 киши майып болуп калды. Ошого карабастан, Акаевдин бийлиги Кумтөрдү иштетип жатышкан “Камеко” компаниясына ачуу сөз эмес, кол тийгизбей, чымын кондурбай коргоп келди. Алардан тийиштүү иш кагаздарын алуу тозоктун тозогу болгон эле. Жабык ишкана катары кол тийгис болгон. Албетте, мында карапайым кыргыздын ырыскысын талап-тоноого өтө ыңгайлуу шарт түзүлгөнүн айттырбай билүүгө болот. 1993-жылы Т.Чынгышевдин Өкмөтүн “Камекого” пакеттик акциянын 33 пайыздан ашык үлүшүн берип койгондугу үчүн отставкага айдаган. Кийинки убактарда улуттун байлыгын текейден арзан пулдап жибергендер эркиндикте чардап жүрүшөт. Адилеттик кайда?

Кубанычбек Исабековдун калемине таандык "Кумтөрдөгү алтын мафия" китебинен кийинки уландысы Акаев менен Танаев тууралуу улантылат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83